Видео: Чолпон-Атадагы ат майдандын курулушу

Чолпон-Атадагы ат майданды Көчмөндөр оюндары башталаар алдындагы акыркы күндөрү куруп бүтүп калышты.  Иш-чаранын уюштуруучулары курулуш иштери 6-сентябрда бүткөрүлө тургандыгын билдирип жатышат.

Kloop.kgнин кабарчылары 4-сентябрда Чолпон-Атада болушуп, 9-сентябрдан 14-сентябрга чейин өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү үчүн жумушчулардын андагы ат майданды кантип куруп бүткөрүп жаткандыктарына күбө болуп кайтышты.Ippodrom..Кабарчылардын айтымдарында,  ат майдандын чатыры толук жабыла элек жана отургучтардын бардыгы орнотулган эмес, ал эми анын айланасында өтө көп курулуш таштандылары  бар.Ippodrom-CHolpon_ata (1)Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары Азамат Жаманкулов Kloop.kgге берген маегинде ат майдан толугу менен 6-сентябрда бүткөрүлөрүн, ал эми 7-сентябрда анын  айланасындагы таштандылардын бардыгы тазалана тургандыгын билдирди.

«Бүгүн мына чатырын жаап бүтүп калышты. А калган отургучтарды бүгүн кечке чейин орнотуп бүтүүлөрү керек. Эртең акыркы күн болуп калат. Эртең кечке карата объектини толугу менен өткөрүп беришибиз керек», — деди ал.IppodromЖаманкулов Чолпон-Ата ат майданынын айланасын тазалоо иштери 7-сентябрда, оюндардын башталаарына эки күн калганда жүрөөрүн кошумчалады.

«Эртең курулуш таштандыларынын баары тазаланат. А 7-сентябрь күнү түштөн кийин өкмөттүн, уюштуруу комитетинин, катчылыктын, бардык жашоочулардын жана обладминистрациянын катышуусунда чоң тазалоо күнү болот», — деди ал.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 9-сентябрдан 14-сентябрга чейин Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарынын ат майданында өтөт.

Ага карата жүргүзүлгөн даярдыктарга бир нече чатактар байланыштуу, алардын арасында иш-чаранын сайтынын 4 миң долларга жасалышы жана ат майдандын жанындагы Раппопорт аллеясындагы бактардын кыйылышы бар.