Сүрөт: XX кылымдын башындагы Ош британиялык кабарчынын сүрөттөөсүндө

Британиялык журналист Генри Норман Орусия империясынын аймагы боюнча XIX кылымдын аягы жана XX кылымдын башында саякаттаган. 1902-жылы ал учурда Кыргызстандын түштүгү болгон Ош шаарына келген.

Саякаттагы сүрөттөөлөр Нормандын «Бүткүл Орусия» деген китебинен кыскартылып берилүүдө. Которгондор: Улугбек Акишев жана Эльдияр Арыкбаев.

Мен орусиялык Борбордук Азиянын темир жол линиясынан сыртындагы бөлүгүнүн кандай экенин көргүм келди. Ошондуктан Андижандын темир жол бекетинде өткөргөн бир нече күндөн кийин Ошко чейин дагы 50 чакырым жүрдүм — Ош Кытайдын чеги башталганга чейинки акыркы орусиялык шаар[...].

Менин жолумдагы эң алгачкы кыштак Хартум деген өзгөчө аталышка ээ экен. Кыштактын четинен эле Орусия империясынын эң чегиндеги жумуштуулук менен молчулукка таң калдым. Жолдо баратып бир нече кадам сайын эле экиден атка учкашкан адамдарды кезиктирип жаттым.

Кээ бирде алдыман дарыядан жүктөрдү суу кылбай өтүү үчүн пайдаланылчу чоң дөңгөлөктүү атка чиркелген арабалар (аны мен тарткан сүрөттөр көрсөңүздөр болот)чыгып жатты.

Негизинен алардын жүктөрү буудай же пахта салынган кап, же болбосо таңгак чөптөр. Андан сырткары арабалардан башына жоолук жамынган аялдар менен сүйкүмдүү балдарды көрүүгө болот. [...]14597732187_a4cca80e3b_k-1Жаныман жеңил кийинген татынакай бир жаш жигит өтүп кетти. Анын колунда эч нерсе менен жабылбаган ителги отурду, бирок каалаган убакта ыргытууга ылайыкташтырылып анын тырмактары жип менен байланыптыр.

14597732187_a4cca80e3b_k-1Жаныман жеңил кийинген татынакай бир жаш жигит өтүп кетти. Анын колунда эч нерсе менен жабылбаган ителги отурду, бирок каалаган убакта ыргытууга ылайыкташтырылып анын тырмактары жип менен байланыптыр.

Соода кылууга чыккан кыргыз үй-бүлөсү мени менен ынактарча жакшы учурашышты. Үй ээси баласын артына учкаштырып алган, а уулу болсо атасынын белинен бек кучактаган.

Аялы алдына кичинекей баласын алып башка атты минип келе жатат. Ал ачык кызыл түстөгү көйнөгү, ак жоолугу жана шыңгыраган үндөрдү чыгарган жасалгалары менен өтө кооз, жасанып кийингендей көрүндү.

Анын жалпагыраак бетинен токтоолугу, ошол эле маалда жакын барганымда кызыгуусу да байкалып турду.14597604448_9a859be970_hЖыйынтыгында акыркы эмоциясы жеңип кетти да, биз бири-бирибизди жакшылап карап алдык. Бирок ал көз караш күйөөсү жини келип аялын менден алыстатып кеткенге чейин гана уланды.

14597604448_9a859be970_hЖыйынтыгында акыркы эмоциясы жеңип кетти да, биз бири-бирибизди жакшылап карап алдык. Бирок ал көз караш күйөөсү жини келип аялын менден алыстатып кеткенге чейин гана уланды.

Жол кең пахта талааларын аралап өтөт. Талаалардагы ичке каналдардын эки тарабына тең тегиз кыркылган мажүрүм талдар отургузулган. Шаардын өзүнө бара жаткан жолдун жээгиндеги чайхананын жанында анча чоң эмес мечит бар экен, андан динге ишенгендерди сыйынууга чакырып жатты. [...]

Шаардагы биринчи көчөгө бурулаарым менен жолду толугу менен ээлеп, акырын мен тарапты көздөй жылып келе жаткан эки үймөк чөптү көрдүм. Ал жылып келе жаткан үймөктөр эшектер болуп чыкты, аларга чөп ушунчалып көп жыйылгандыктан, алардын тумшуктары менен туяктары гана көрүнүп калыптыр.

Үч чакырымга созулган таптакыр талкаланган жол[...] мени шаардын борборуна алып келди. Анда аттарын дубалдын маңдайына байлап койгон жергиликтүү жашоочулар «Уездик башкармалык» деген жазуусу бар имараттын жанына топтолушкан.

Имарат бир эле маалда почта бөлүмү жайгашкан орусиялык башкаруучунун кеңсесин элестетет.14597586879_2ee4c5775d_h-1Ошто аябагандай чоң жыгач дарбазалары бар бир нече бийик тосмолору дароо эле көзгө урунду. Алгач мен аларды эски чеп экен деп ойлогом, көрсө алар жылкылар менен ири мүйүздүү мал үчүн пайдаланылат экен.

Ош өзүнүн чайханалары менен белгилүү. Түнкүсүн ак селдечен кишилер отту тегерете отурганда чайхана чынында эле аябай кооз көрүнөт. Оштогу бул көрүнүштөрдүн бардыгы тең немистердин «жайлуу» деген нерсесин көрсөтүп турат.

Генри Норман возле таблички с надписью Ош.
Генри Норман Ош деп жазылган жол көрсөткүч тактанын жанында.

Анткен менен шаардын жашоочулары көпчүлүк учурда чет элдиктерди жактырбагандай карашат. Сүрөттөрдүн бирин тартып жатканымда бир киши камчысын алып мени көздөй  чуркады. А бир кыз болсо мага «Салам алейкум!» деп көңүлдүү кыйкырды.

Мен Ош шаары Орусия империясынын акыркы чекити болуп көпкө турбайт деп ойлойм. Кытайдын Кашкардагы таасири өтө начар. Аны менен катар Кашкардагы кытай мыйзамдары жапайы, а салыктар кыйноо жолу менен жыйналат, бул анын жашоочуларынын арасында чоң нааразычылыктарды жаратат.

Орусия мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланса болот, анткени анын аймагында Кашкардан качып келген көп сандаган мусулман-качкындар жашайт, алар кайрадан туулуп-өскөн шаарына барып, төңкөрүш жасай алышат.

Борбордук Азия жөнүндөгү акыркы сөз чек арадагы жол көрсөткүчтө жазылган «Ош» деген сөз болушу керек. Ал менин Орусиядагы узакка созулган сапарымдын аяктагандыгын билдирип турду.

Орустар бул жакта түрк жылкысы менен түрк килемдеринен башка эч нерсени талкалап, жок кылган эмес — адамдарга тынчтык, өнүгүү жана алар ыракаттана турган эркиндик алып келүү үчүн бул качандыр бир кезде баары бир болушу керек болчу.