«Курманжан датка» эпопея-тасмасынын алгачкы жолу көрсөтүлүшү көрүүчүлөрдүн узакка созулган кол чабуулары менен аяктады. Тасманын премьерасы 31-августта Бишкектеги «Манас» кинотеатрында болду.

«Курманжан Датка» — мамлекеттин акчасына тартылган эпопея-тасма. Анда Алай кыргыздарынын XIX кылымдагы башкаруучусу Курманжан датканын жашоосу тууралуу айтылат.

Тасма дээрлик эки жыл тартылып, ага 1,5 млн. АКШ долларына чукул каражат жумшалды.

Тема боюнча: Саясатчы менен режиссер «Курманжан датка» тасмасынын бюджети боюнча талашууда

«Курманжан датканын» режиссеру Кыргызстандын мурунку маданият министри Садык Шер-Нияз. Курманжан датканын ролун төрт актриса аткарган — Элина Абай кызы, Назира Мамбетова, Жамал Сейдакматова жана Лунара Аясканова.