Видео: Милиция туура эмес токтотулган унаа айдоочуларына айып пул салууда

Бишкектин Жол кайгуул кызматынын (ЖКК) кызматкерлери туура эмес токтотулган автоунааларды кармоо боюнча бир айлык өткөрүүдө — тыюу салынган жерлерге токтотулган унааларды айып пул төлөөчү унаа токтотуу жайына алынып барылып, ал эми алардын айдоочуларына 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул салынууда.

Kloop.kgнин кабарчысы Абдрахманов көчөсүнүн Чүй проспектиси жана Киев көчөсү менен кесилишкен аймакта иштеп жаткан Жол кайгуу кызматынын инспекторлорунун ишин видеого тартты — алар унааларын туура эмес, тыюу салынган жерлерге токтоткон айдоочуларга карата адвинистративдик протоколдорду түзүштү.

ЖККнын басма сөз катчысы Тилек Оторовдун айтымында, «Укук тартиби» деп аталган бир айлык кечээ башталган.

«Автоунаа каражаттарын туура эмес, тыюу салынган жерлерге токтотуу — шаардагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири, ошондуктан бизде жол кыймылынын коопсуздугу боюнча бир айлык өткөрүлүүдө», — деди Оторов.

Ал кечээ айып пул төлөөчү унаа токтотуу жайына алты унаа жеткирилгендигин, ал эми акыркы эки күндүн ичинде 300гө чукул административдик протоколдор түзүлгөндүгүн белгиледи.

ЖККнын басма сөз катчысы Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекстин 235-беренесинин негизинде автоунааны туура эмес жерге токтотуу үчүн 1000 өлчөмүндөгү айып пул каралгандыгын кошумчалады.

«Күн сайын убакытка карап, мыйзамсыз токтотулган унаалар кайсыл жерде көп болсо ал жакты тартипке келтирүү үчүн көбүрөөк кызматкерлерди ошол тарапка жөнөтүүгө аракет кылабыз», — деди басма сөз катчы.

Тема боюнча: Жол коопсуздук эрежесин бузуу үчүн киргизилген жаңы айып пул өлчөмдөрү

Жол эрежелерин бузуу үчүн жаңы айып пул өлчөмдөрү 8-августта күчүнө кирген — өзгөртүүлөргө ылайык, айып пул өлчөмү мурункудан бир канча эсеге жогору.

Туура эмес токтоо же унааны тыюу салынган жерлерге токтотуу үчүн: 300 сомдун ордуна 1000 сом.IMG_20130818_145721