Видео: Ice Bucket Challenge акциясынын ордуна Бишкекте таштанды жыйноо боюнча флэшмоб өттү

MOZGAMI Studio командасынын дизайнерлери Ice Bucket Challenge деп аталган бүткүл дүйнөлүк кайрымдуулук флэшмобунун алкагында башынан ылдый суу куюнбай эле коюу чечимине келишкен. Анын ордуна алар Бишкектин көчөлөрүндөгү таштандыларды жыйнап, эстафетаны өз кесиптештерине өткөрүп беришти.

MOZGAMI Studio командасы Бишкекке жардам катары флэшмоб уюштурду — дизайнерлер бир сааттын ичинде Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштандыларды жыйнашты.

«Жөн гана муздак суу куюнуп койгондон көрөк биз таштандыга толгон Бишкек шаарыбыздын белгилүү бир аймагын ирээтке келтирүү чечимине келдик», — деп айтышты алар.

Дизайнерлер таштандыдан кутулгандан кийин эстафетаны I-Media маркетинг байланышы бюросундагы жана Sun People чыгармачыл бирикмесиндеги кесиптештерине беришти: «Достор, сиздердин видеоотчетуңарды 2 (эки) апта ичинде күтөбүз! Абалды акцияга чейин жана андан кийин тартып, социалдык түйүндөрдөгү расмий аккаунтуңуздардан #bokjok» хештеги менен бөлүшүңүздөр.

Урматтуу окурмандар, сиздер бул флешмобго катышаар белеңиздер? Жалпысынан кайрымдуулук иш-чараларга кандай көз караштасыздар?

Тема боюнча: @eldana_foureyes Kloop Mediaнын негиздөөчүсү Бектур Искендедин үстүнө суу куюуда

Ice Bucket Challenge — амиотрофикалык склероз оорусу менен жабыркаган адамдарга жардам берүүгө арналган бүткүл дүйнөлүк флэшмоб.

Бул акциянын алкагында чакыруу алган адам башынан ылдый өтө муздак суу куюнуп, кайрымдуулук үчүн акча берип, эстафетаны дагы үч кишиге өткөрүп бериши керек.