«Курманжан датканын» жаратуучулары тасманы «Оскар» сыйлыгына көрсөтүүгө ниеттенишүүдө

Алгачкы мамлекеттик кыргыз тасмасы — «Курманжан датканын» продюсери тасманы престиждүү «Оскар» сыйлыгына көрсөткүсү келүүдө. Тасманын жаратуучулары анын өзүн өзү актаарына толугу менен ишенишет.

Тасманын башкы продюсери — парламент депутаты Жылдызкан Жолдошева — «Курманжан датканын» престиждүү «Оскар» кино сыйлыгына жетиши үчүн «көп нерселерди садага чабууга» даяр экенин билдирди.

«Биз азыр Садык Шер-Нияз жана чыгармачылык топ менен бирге тасмабыздын «Оскар» сыяктуу дүйнөлүк сыйлыктарга жетиши үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз. «Оскар» алуу үчүн мен көп нерсемди садага чабам. Мен — өжөрмүн, силер аны жакшы билесиңер», — деди ал Бишкектеги журналисттер менен болгон жолугушуусунда.

Мындай билдирүүнү депутат «Курманжан датканын» Канададагы Монреаль кинофестивалындагы бет ачаарынан кийин жасады, анда Алай кыргыздарынын жол башчысы жөнүндөгү кино-эпопея «Дүйнөлүк киного фокус» секциясында көрсөтүлгөн.

«300 өлкөдөн келген өкүлдөр жети мүнөт туруп кол чаап, ыйлашты. Демек, бул деген тасманы көрсө боло тургандыгын айтууда», — деди Жолдошева.

Жыл сайын ар бир өлкө «чет тилиндеги мыкты тасма» категориясында «Оскар» сыялыгына бирден тасма сунуштай алышат. Андан соң Америка киноакадемиясы алардан тизме түзүп, жеңүүчүлөрдү тандап алышат.

Кино сынчы Азамат Өмүралиев «Курманжан датка» «Оскардын» стандарттарына туура келбейт деп эсептейт — бул тууралуу ал Kloop.kgге берген маегинде билдирди. Анын пикиринде, кыргыз тасмасынын Берлин кинофестивалында байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү жогорураак.

«Өзүнүн стилистикасы боюнча, «Оскардын» категориясына туура келбеши ыктымал . Мисалы, бул тасма баалоонун негизги критерийи катары дүйнө жүзүндөгү абалдын социалдык-саясий актуалдуулугу эсептелген Берлиналеде жакшы кабыл алынышы мүмкүн», — деп эсептейт Өмүралиев.

Кино сынчы 1985-жылы Берлин кинофестивалында «киноискусство тармагындагы көрүнүктүү жетишкендиги» үчүн «Күмүш аюу» сыйлыгына ээ болгон кыргыз режиссеру Төлөмүш Океевдин «Кожожаш» тасмасын мисал келтирди.skyui-07.08.2014-130145Берлин фестивалынын эң жогорку сыйлыгы — жылдын мыкты тасмасына ыйгарыла турган «Алтын аюу» сыйлыгы.

Тасманын бюджети боюнча талаш-тартыштар

Тасманы тартуу менен алектенген «Айтыш Фильм» студиясынын башкы директору Фархад Бекмамбетов кинотасма аны тартууга кеткен чыгымды толугу менен актаарына ишенет.

«Прокаттан чогулган каражаттын мамлекеттик бюджеттен алынган акчаны актаарына ишенем. Биз кассалык жыйым 85 млн. сом болот деп күтүп жатабыз», — деди ал.

«Курманжан датканы» тартууга мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 70 млн. сомго чукул каражат жумшалган.skyui-07.08.2014-130406Мурунку дипломат Адил Турдукулов тасманын мамлекеттик бюджеттен каржыланышын сынга алгандардын бири болгон — ал патриоттук тасмалар өзүн өзү актоого болгон мүмкүнчүлүгүнүн аз экендиги менен бирге мамлекетке мынчалык кымбатка турбашы керектигин жазып чыккан.

«Патриоттуулукту көтөрүү» демиш болуп бюджеттен өтө көп каражат ала алышты, эми азыртадан эле «силердин акчаңарды кайтарып бербейбиз, алар жөнүндө унуткула» дегенсип жатышат. Силер партиот эмес, алдамчысыңар», — деп жазган мурунку дипломат өзүнүн «Фэйсбуктагы» баракчасына.

Анда «Курманжан датканын» режиссеру  Садык Шер-Нияз Kloop.kgге берген маегинде искусство өзүн өзү актабай да калышы мүмкүндүгүн билдирген — анын пикиринде, 70 млн. сом — бул тасма жаратуу үчүн өтө эле аз каражат.

«Бул тасманы көптөгөн белгилүү режиссерлорго сунуштагандыктарын ишенимдүү айта алам, бирок баш тартыш коюшкан — алар мындай акчага тарыхый драма тартуу кыйынга тураарын түшүнүшкөн. Силер коңшу Казакстанда же Орусияда кандай акчаларга тартыла тургандыгын билесиңер да», — деген ал.

Солдон оңго: Француз чыгыш таануучусу Поль Пелльо, Курманжан датка, анын небереси жана Маннергейм, «Алай ханышасынын» боз үйүндө
Солдон оңго: Француз чыгыш таануучусу Поль Пелльо, Курманжан датка, анын небереси жана Маннергейм, «Алай ханышасынын» боз үйүндө

«Курманжан датка» — мамлекеттин буйрутмасы менен тартылган Кыргызстандагы биринчи толук метраждуу тасма. Аны тартуу иштери 2012-жылы башталып, 2014-жылдын май айында аяктаган. Алгач тасманын премьерасы 2014-жылдын жаз айларына пландаштырылган, бирок кийинчерээк 31-августка жылдырылган.

Тасмада дээрлик 100 жылдык окуя — Алай ханышасынын бала чагынан тарта 96 жашына чейинки мезгил камтылган — анын ролун төрт актриса аткарат. Тасма өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында тартылган.