Видео: Темир Адамдын костюмун кыргызстандык кантип жасаган

Кара-Балтанын жашоочусу Азиз Малик Темир Адамдын костюмун окшоштуруп жасаган. Kloop.kgге берген маегинде Малик өз эмгегинин жасалышы жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.

Азиз бир тууганы менен бирге Темир адамдын костюмун дээрлик бир жыл мурун чогултуп башташкан.

Темир Адам (Iron Man) — «Марвел» компаниясынын 2008-жылы экранга чыккандан кийин өтө чоң популярдуулукка ээ болгон комикстеринин эң белгилүү каармандарынын бири.

Кара-балталыктын баш көтөрбөй иштеген эмгегинин жыйынтыгында айнек-пенопласттан турган 19 килограммдык костюм жаралган.

Маликтин айтымында, костюмду, анын иштелип бүтө элек варианттарын жасоого жалпысынан 800 долларга чукул каражат жумшалган.

«Костюмду кийүүгө 15-20 мүнөт талап кылынат. Кыймыл өтө жай болуп калат. Колумду көтөрө албайм. Тепкичтерден түшүү кыйын болот, бирок калган кыймылдарды кыла алам», — деди Малик.

Анын айтымында, бул костюмду жасоонун сыры чогултуунун ырааттуулугунда: алгач костюмдун кагаз түрүндөгү үлгүсү жасалат, андан кийин ага айнектен куралган була чапталат.

«Андан соң бардыгы тең автоунаанын шпаклевкасы менен капталып, жылмаланат. Шлемдин өлчөмү жагынан бири-бирине таптакыр туура келбеген эки жана төрт иштелип бүтө элек варианты бар болчу», — дейт Азиз.

Темир Адам (алдынкы планда) жана Воитель (арткы планда).
Темир Адам (алдынкы планда) жана Воитель (арткы планда).

Костюм ар бир адам үчүн индивидуалдуу түрдө иштелип чыгат. Малик тарабынан жасалган костюм боюнун узундугу 173-175 сантиметр, бутунун чоңдугу 43-өлчөмдөгү адамга туура келет.

Азиз «Билайн» уюлдук операторунун жарнамалык ролигине тартылууга жетишкен. Ал кийинки костюмун белоруссиялык кайрымдуулук уюму үчүн эки ай ичинде жасап берүүнү пландап жатат.

«Алар балдар үйлөрү менен ооруканаларды кыдырып, балдардын көңүлүн көтөргөнү жатышат. Менде эки ай убакыт бар. Ага чейин жетишем деген ойдомун, тажрыйбам бар да», — деди Малик.

Малик анын костюмун сатып алууну каалагандар болгондугун, бирок сатуудан баш тарткандыгын айтты. Жакынкы аралыктарда ал жаңы Темир кишини, ошондой эле сериянын башка каармандарынын үлгүлөрүн жасоону пландап жатат.

Кыргызстандын элдик усталары дагы эмнелерди жасашат: