Видео: Премьер-министр Оторбаев биометрикалык маалыматтарын тапшырууда

Кыргызстанда жарандардын биометрикалык маалыматтарын милдеттүү түрдө топтоо чиновниктерден башталды — алгачкылардан болуп өзүнүн жеке маалыматтарын премьер-министр Жоомарт Оторбаев тапшырды.

Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо боюнча өнөктүктүн башталгандыгын билдирди. Өлкө башчысы бүгүн эртең менен Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунун биринде өзүнүн жеке маалыматтарын тапшырды.

Манжа издерин, бетинин сүрөтүн жана электрондук кол тамгасын тапшыргандан кийин ал кыргызстандыктарды 1-сентябрдан тарта калкты тейлөө борборлоруна барып, биометрикалык маалыматтарды тапшырууга чакырды.

«Өлкөгө биометрикалык маалыматтар жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук, экстремизм жана терроризмге каршы натыйжалуу күрөшүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн керек», — деди премьер.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо жөнүндөгү мыйзам долбоору президент Атамбаев тарабынан июлдун ортосунда жактырылган – ага ылайык, Кыргызстандын жарандары өздөрүнүн манжа издерин, санариптик сүрөттөрүн жана кол тамгаларын кыргыз бийлигине тапшырууга милдеттүү.

Биометрикалык маалыматтардан сырткары кыргызстандыктардын жеке маалыматтары да топтолот: салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру, фамилиясы, аты, атасынын аты, улуту, паспорту же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн сериясы менен номуру, жынысы, туулган жылы, айы,күнү жана жери.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо жөнүндөгү мыйзам парламентте каралып жатканда эле укук коргоо уюмдары жана маалыматтык технологиялар тармагындагы адистер тарабынан бир нече жолу сынга алынган.

Мыйзам биринчи кезекте Кыргызстандын Конституциясына каршы келгендиги үчүн сындалган — укук коргоочулардын билдирүүлөрү боюнча, ал жарандардын жеке маалыматтарын өз алдынча башкаруу, жеке жашоосунун кол тийбестиги жана анын корголушуна болгон укуктарына карама-каршы келет.