УКМК журналистке карата жазган доо арызын кайтарып алды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мекеме тарабынан «атайын кызматтагылардын беделин кетирип жатат» деп айыпталган «Фергана.ру» басылмасынын журналисти Шохрух Саиповго карата жазган доо арызын кайтарып алды.

УКМК «Ферганы.рунун» башкы редактору Даниил Кисловдун «көйгөйдү тынчтык жолу менен чечүүнү» сунуштаган катынан кийин доо арызды кайтарып алууга макул болду.

«Биздин редакция менен журналисттер эч качан тигил же бул мамлекеттик органдын беделин кетирип, анын ишмердүүлүгүнө зыян келтирүү максатын койгон эмес жана койбойт деп ишендирем. Маалымат каражаттарынын биз аткарып жаткан миссиясы жашообузду коштоп жүргөн маанилүү көйгөйлөрдү аныктап, аларды коомдун алдына алып чыгууда турат», — деп жазган өз катында Кислов.

Доо арыз жазууга 31-майда «Фергана.руга» жарыяланган макала себеп болгон — анда Саипов укук коргоо органдары тарабынан Сириядагы өкмөткө каршы күрөшүп жаткан топторго тиешеси бар деп шектелип жаткан кыргызстандыктар жөнүндө жазган.

УКМК «Ферганы.ру» редакциясынын жазган катына «маалымат каражаты менен конструктивдүү негизде кызматташууга даяр» экендиктерин билдирген.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Kloop.kgге берген маегинде Саиповго карата жазылган доо арыздын кайтарылып алынгандыгын ырастады.

«Кечээ тараптар келише албастыкты тынч чечүү боюнча макулдашууга келишти, бүгүн биз доо арызыбызды кайтарып алдык. [...] «Фергана.рунун» редакциясы мындан кийин байкап, маалыматтарды фактылар менен гана бере тургандыктарын билдирди», — деди ал.

Доо арыздын кайтарылып алынганын Саиповдун өзү да ырастады.

«Бүгүн сот болот, анда УКМКнын өкүлдөрү доо арыздын кайтарылып алынгандыгы фактысын күбөлөндүрө турган документтерди көрсөтүшөт. УКМК доо арызын кайтарып алгандыгы боюнча маалымат сайтта бар», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Доо арыздын себеби

УКМКны макалада кыргыз атайын кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан кармоолор тууралуу айткан анонимдүү булактын билдирүүлөрү оңтойсуздандырган:

«Атайын кызматтын кызматкерлери сакалчан балдарды кармап текшерип жатышат. Эгер анын тыюу салынган уюмдардын эч бирине тиешеси жок болсо, телефонунда диний аудио жазуулар жок болсо, тактап айтканда, таза болсо, атайын кызматтагылар андан 500 доллар алып бошотушат».

Мамлекеттик комитет өз доо арызында журналисттен макалада айтылган маалыматты төгүндөөсүн жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн 1 млн. сом талап кылган. Андан соң мекеменин басма сөз кызматы эгер журналист кечирим сурап, анонимдүү булакты ачыкка чыгара турган болсо атайын кызматтагылар доо арызды кайтарып алууга даяр экендиктерин билдирген.

Саиповдун айтымында, ал УКМКдан кечирим сураган эмес жана булагын да ачыктаган эмес.

Шохрух Саипов «Фергана.ру» маалымат порталынын штаттан сырткаркы кабарчысы болуп иштейт. Шохрухтун бир тууган агасы — Алишер 2007-жылы өлтүрүлгөн. Ал саясий журналистика менен алектенип, өзбек тилдүү «Сиесат» гезитинде редактор болуп иштечү.