Видео: Бишкектин борборунда маршруттук такси оодаралып кетти, жаракат алгандар бар

27-август күнү эртең менен Бишкектин борборунда орун алган жол кырсыгынан маршруттук таксинин кеминде алты жүргүнчүсү жаракат алды.

№163 каттам менен бара жаткан кичи автобус Ибраимов көчөсү аркылуу түштүктү көздөй бара жатып Чүй проспектисинен Ибраимов көчөсүнө кайрылып жаткан «Хонда» менен сүзүшкөн.

Кагылышуунун жыйынтыгында жүргүнчүлөргө толгон кичи автобус капталына оодарылып кеткен.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, жалпысынан маршруттук таксинин кеминде алты жүргүнчүсү жаракат алган. Аларды ооруканага жеткирүү үчүн тез жардам кызматынын эки унаасы талап кылынды.

Жаракат алгандардын көпчүлүгүнүн жарааттары жеңил. Болжолдуу маалыматтар боюнча, бир аялдын гана буту сынгандыгы катталган.

Эки айдоочу тең жол чырак жашыл күйүп турганда өтүп бара жаткандыктарын айтып, ишендирүүгө аракет кылып жатышат.

Азырынча милиция кырсык боюнча түшүндүрмө бербей эле.

Кичи автобустун жүргүнчүлөрүнүн бири Kloop.kgнин кабарчысына анын пикиринде маршруттук такси «өтө эле катуу» ылдамдыкта бара жаткандыгын айтты.