Криминалга тиешеси бар деп шектелген Кара-Көлдүн экс-депутатын атып кетишти

«Ата Мекен» партиясынын Кара-Көл шаардык кеңешиндеги мурунку депутаты Алтынбек Арзымбаев белгисиз адамдар тарабынан Бишкектин 8-кичи районундагы үйүнүн кире беришинен атылып өлтүрүлдү. Арзымбаев милиция тарабынан криминалга тиешеси бар деп шектелип жаткан болчу.

Кылмыш 26-август күнү кечинде Арзымбаевдин 8-кичи райондогу үйүнүн кире беришинде болгон. Болжолдуу маалыматтар боюнча, ага карата алты жолу ок чыгарышкан — алардын төртөөсү мурунку саясатчынын денесине тийген.

Милициянын версиясы боюнча, Арзымбаев ошол жерде эле дароо каза болгон.

«Кечээ, болжол менен түнкү саат 11лерде 8-кичи райондогу үйүнүн кире беришинде белгисиз адамдар тарабынан атылып өлтүрүлгөн, кылмышкерлер окуя болгон жерден качып кетишкен», — деди Ички иштер министрлигинин (ИИМдин)басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев.

Осмонбаевдин айтымында, окуянын кандай болгондугу боюнча милициянын бир нече версиясы бар, бирок укук коргоо органдары алардын алдын ала жарыяланышын каалабайт.

Адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Арзымбаев — «Ата Мекен» партиясынан Кара-Көл шаарынын мурунку депутаты — криминал менен байланышы бар деп шектелип келген.

Милициянын версиясы боюнча, Арзымбаев криминал чөйрөсүндө Джин деген каймана ат менен белгилүү болчу.
Милициянын версиясы боюнча, Арзымбаев криминал чөйрөсүндө Джин деген каймана ат менен белгилүү болчу.

Анын криминал менен байланышы болушу ыктымалдыгы коомчулукка белгилүү болгондон кийин ал «Ата Мекен» партиясынан чыгарылган.

Джин деген каймана ат менен белгилүү болгон Арзымбаев укук коргоо органдары тарабынан уюшкан кылмыштуулукка тиешеси бар деп шектелип жаткан саясатчылардын тизмесинде бар болгон.

ИИМдин маалыматына ылайык, депутат буга чейин уурулук жана бейбаштык үчүн соттолгон, азыр болсо алдамчылык иши боюнча сот жообуна тартылып жаткан болчу.