Видео: Кум бетине түшүрүлгөн Кыргызстан

Travel Experts компаниясы Кыргызстандагы туризм тууралуу өзгөчө видео чыгарды — анда жүрүштөр, вело- жана джип-турлар кумда тартылган.

Travel Experts компаниясынын директору Сергей Глуховеров Kloop.kgге берген маегинде видеонун жаратуучулары Кыргызстанга келе турган туристтерди таң калтырып, өлкөгө тарткылары келгендиктерин айтты.

«Биз өзүбүздүн көз карашыбыз боюнча Кыргызстандын сүрөттөрүнүн эң мыктыларын тандап алып, идеябызды кумдун бетинде ишке ашырган сүрөтчүгө бергенбиз», — деди Глуховеров.