Видео: Күн батареялары менен иштеген Бишкектеги жол чырактар

Бишкектин төрт жерине күн батареялары менен иштеген жол чырактар орнотулду — сары түстө өчүп күйүп турган түзүлүш айдоочулардын көңүлүн жолдун жөө адамдар өтчү бөлүгүнө буруусу керек.

Kloop.kgнин кабарчысы Владимир Цай бир нече күн мурун күн батареялары менен иштеген жол чырактары орнотулган Куттубаев көчөсүндө болуп кайтты.

Жолдун жөө адамдар өтчү бөлүгүнө орнотулчу жол чырак күн батареясы менен иштеген сары түстөгү бир лампалуу түзүлүштү элестетет. Жол чырак айдоочулардын көңүлүн жолдогу жана «жөө адам өтчү» белгилерге көңүлүн бурууга арналган.

Жаңы жол чырактарды орнотууну Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП фракциясынын башчысы Алмаз Кененбаев каржылады — анын айтымында, мындай жол чырактарын орнотуу иштери дагы уланат.

Күндөн кубат алган жаңы жол чырактары Куттубаев көчөсүнөн сырткары 6-кичи райондогу Айтиев көчөсүндө, Акунбаев жана Белорусский көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Юнусалиев көчөлөрүндө иштеп жатат.