Видео: Арзандатуулар күнү Бишкектин соода борборундагы ажиотаж

Shopping Fest фестивалынын алкагында «Бишкек Парк» соода борборундагы чоң арзандатуулар жөнүндөгү жаңылык 24-августта болуп көрбөгөндөй көп сандагы сатып алуучулардын көңүлүн бурду. Дүкөндөр жайгашкан кабаттар тез эле кардарларга толуп кетип жаткандыктан соода борборунун жетекчилиги адамдарды имаратка кезек-кезек менен кое берип баштаган.