УКМК «атайын кызматтын беделин кетирип жаткандыгы» үчүн журналист менен соттошууда

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «атайын кызматтагылар тарабынан акча талап кылуулар» жөнүндө айтылган макала боюнча «Фергана.ру» басылмасынын журналисти Шохрух Саипов менен соттошууда.

Доо арыз жазууга 31-майда «Фергана.руга» жарыяланган макала себеп болгон — анда Саипов укук коргоо органдары тарабынан Сириядагы өкмөткө каршы күрөшүп жаткан топторго тиешеси бар деп шектелип жаткан кыргызстандыктар жөнүндө жазган.

УКМКны макалада кыргыз атайын кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан кармоолор тууралуу айткан анонимдүү булактын билдирүүлөрү оңтойсуздандырган:

«Атайын кызматтын кызматкерлери сакалчан балдарды кармап текшерип жатышат. Эгер анын тыюу салынган уюмдардын эч бирине тиешеси жок болсо, телефонунда диний аудио жазуулар жок болсо, тактап айтканда, таза болсо, атайын кызматтагылар андан 500 доллар алып бошотушат», — деп жазылган макалада.

Атайын кызматтын өкүлдөрү Саиповго карата жазылган доо арызда журналист ал адамдын цитатасы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кадырын кетирип жаткандыгын жазышкан — алардын версиялары боюнча, Саипов жазган фактылар катталган эмес.

Журналисттин өзү Kloop.kgге берген маегинде УКМКнын кызматкерлерин каралабагандыгын, а жөн гана анонимдүү булагы айткан маалыматты жазгандыгын билдирди.

Саипов анын булагы кайсы укук коргоо органынын кызматкерлери тарабынан кармалгандыгын так билбей тургандыгын айтты — алар УКМКнын да, милициянын да кызматкерлери же башка опер кызматкерлер болуулары мүмкүн.

«Кармоо маалында алар [укук коргоо органдары] өздөрүн жөн гана атайын кызмат деп тааныштырышкан, мүмкүн алар милиция же дагы башка бирөөлөр болгон болушу мүмкүн. Жөнөкөй адамдар алардын айырмасын жакшы билишпейт да, ошондуктан мен УКМКны акча талап кылууга айыптаган эмесмин», — деди ал.

Учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Саиповдон макалада айтылган маалыматты төгүндөөсүн жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн 1 млн. сом талап кылууда.

Бирок эгер журналист кечирим сурап, анонимдүү булакты ачыкка чыгара турган болсо атайын кызматтагылар доо арызын кайтарып алууга даяр.

«Бул деген кылмыш иши да, эгер кимдир бирөө акча алган болсо биз иликтөө жүргүзүшүбүз керек. А эгер фактылары жок болсо далилсиз айта берген болбойт. Андай болсо журналисттердин бардыгы тең оюна келгенди жаза алышмак да», — деди Kloop.kgге берген маегинде УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов.

Бирок Саипов Kloop.kgге өз булагынын өмүрүнө коркунуч келиши ыктымал деп анын аты-жөнүн ачыкка чыгарбай тургандыгын айтты.

«Биздин өзүбүздүн укуктарыбыз бар, алардын өзүлөрүнүн укуктары бар. Журналисттик эреже бар, биз анонимдүү булактардын аты-жөндөрүн айтпайбыз. Мен өз булагым тууралуу айтпайм, бул анын коопсуздугу үчүн», — деди журналист.

Шохрух Саипов «Фергана.ру» маалымат порталынын штаттан сырткаркы кабарчысы болуп иштейт. Шохрухтун бир тууган агасы — Алишер 2007-жылы өлтүрүлгөн. Ал саясий журналистика менен алектенип, өзбек тилдүү «Сиесат» гезитинде редактор болуп иштечү.

Бул иш боюнча соттук териштирүү 28-августка белгиленген — ал Ош шаардык сотунда өтөт.