«Рейтерс»: Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан эки киши каза болгон

Эки өлкөнүн чек арасындагы атышуунун жүрүшүндө тажик тараптан бир чек арачы менен бир жарандык адам каза болгон, деп жазды «Рейтерс» маалымат агенттиги Тажикстандын укук коргоо органдарына шилтеме жасап.

Атышуу 25-август күнү кечинде Баткен облусунун Лейлек районундагы Сай аймагында орун алып, 30 мүнөткө созулган.

«Рейтерс» маалымат агенттиги Тажикстандын укук коргоо органдарындагы расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасоо менен кыргыз тараптан атылган октон бир тажик чек арачысы менен дагы бир жарандык адамдын каза болгондугун жазды.

Агенттиктин маалыматына ылайык, андан сырткары Тажикстандын дагы төрт жараны жаракат алышкан.

Кыргыз тараптан жаракат алгандар болгон эмес.

Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери окуяны биргеликте иликтөө чакырыктары менен бири-бирине дипломатиялык нота жөнөтүштү.

Аны менен катар кыргыз тарап Тажикстандан эки өлкө ортосунда «жетишилген бардык макулдашууларга каршы келген» тажик аскерлеринин аракеттери боюнча түшүндүрмө берүүсүн өтүнгөн.

Буга чейин, 26-август күнү эртең менен Кыргызстандын бийлиги атышуунун келип чыгуу себеби катары тажик чек арачылары тарабынан чек аранын аныктала элек аймагына чек ара бекетин орнотуу аракети болгондугун билдирген.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын билдирүүсүнө ылайык, алгачкылардан болуп тажик чек арачылары минометтордон ок чыгарышкан.

«Азия-Плюс» тажик жаңылыктар порталы Тажикстандын Согди обладминистрациясындагы булагына шилтеме жасоо менен башкача маалыматтарды жазган. Алардын версиясы боюнча, кыргыз чек арачылары Ходжа Бокиргон дарыясы аркылуу өтчү көпүрөнүн курулушун жандандырууга аракет кылышкан.

Учурда эки өлкөнүн тең чек ара кызматтары чек ара аймактарында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө режимине өткөрүлдү.

Бул Тажикстан менен болгон чек арадагы алгачкы кагылышуу эмес, алардын эң акыркысы үстүбүздөгү жылдын июлунун ортосунда орун алган — анда чек арачылардын ортосундагы атышуунун жыйынтыгында Тажикстандын бир жараны каза болуп, кеминде дагы беши жаракат алган.

Мындай жаңжалдар тажик анклавын айланып өтчү жолдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөрдүн фонунда орун алууда.

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанстандын аймактары Фергана өрөөнүн бириктирип, өлкөлөр ортосунда татаал чек ара системасын түзүп турат. Ошондой эле өлкөлөрдүн бири-биринин аймактарында анклавдары да жайгашкан.

Өлкөлөр ортосундагы чек аранын кыйла бөлүгүнүн дагы деле делимитацияланбагандыгынан улам жергиликтүү жашоочулардын, кээ бирде чек арачылардын ортосунда да тез-тез жаңжалдар чыгып келет.

Акыркы жылдардагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы эң катуу кагылышуу 2014-жылдын январында болгон. Анда эки өлкөнүн чек арачылары  Ворух анклавын айланып өтүүчү жолдун кайсыл аймактарда курулушу керектиги боюнча талашып-тартышуулардан улам бири-бирине ок атууга чейин барышкан.
http://admiralavtomaty.com/igrosoft-besplatno/fairy-land/