Видео: Милициянын «мас абалдагы» айдоочунун артынан кубалоосу

23-август күнү Бишкек жол милициясы болжолдуу түрдө мас абалында болгон айдоочунун артынан куугун уюштурган. Ал куугун менен айдоочунун кармалышын Kloop.kgнин кабарчысы видеого тартып алган.

Айдоочуну батыш автобекети тараптагы Мичурин жана Журнальный көчөлөрүнүн кесилишинен кармашкан. Милиция кызматкерлеринин айтымдарында, айдоочу мас абалында болгон жана алардан качып кутулууга аракет кылган.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн айдоочунун өзү жеткиликсиз болуп чыкты.

Үстүбүздөгү жылдын августунун башында күчүнө кирген жаңы жол кыймыл эрежелерине ылайык, айдоочу 20 миң сомго чейинки өлчөмдө айып пул төлөп же 3 жылдык мөөнөткө чейин унаа башкаруу укугунан ажыратылышы мүмкүн.

Жаңы айып пул өлчөмдөрү тууралуу кененирээк: Жол эрежесин бузгандар үчүн жаңы айып пул өлчөмдөрү күчүнө кирди

УНААНЫ МАС АБАЛЫНДА БАШКАРУУ ҮЧҮН 1500-3000 СОМДУН ОРДУНА 1000-20000 СОМ ЖЕ УНАА БАШКАРУУ УКУГУНАН 1 ЖЫЛДАН 3 ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ АЖЫРАТУУ ЖАЗАСЫ КАРАЛГАН.Skrinshot-19.06.2014-180611