Кыргызстандын өкмөтүнүн сайты хакерлердин чабуулуна кабылды

Кыргыз өкмөтүнүн сайты белгисиз адамдар тарабынан чабуулга кабылып, анын башкы барагына киргенде валюталык рыноктогу соодага арналган ресурс ачылууда.

Сайттын бузулгандыгы 24-август күнү кечинде белгилүү болгон — өкмөттүн сайтынын башкы бетине киргенде валюталык рыноктогу соодага арналган indoforextrading.com ресурсу ачылууда.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Гүлнура Төралиева «Вечерний Бишкек» гезитинин интернет-басылмасына берген маегинде сайттын ишиндеги мүчүлүштүктөр 25-августта жоюлаарын билдирген.

Анын айтымында, азырынча сайттын бузулуп ачылышынын себептери белгисиз.

Кыргызстандын министрлер кабинетинин сайты буга чейин да чабуулдарга кабылган — эки жыл мурун аны сириялык хакерлер бузуп ачышып, башкы бетине Сириядагы  өкмөткө каршы өткөн митингдер менен согуштар тартылган видеону жайгаштырып коюшкан.

Кыргызстандын өкмөтүнүн сайтынын өзү популярдуу WordPress платформасында жасалган.