Эмгек министри инспектор менен чырлашкандан кийин ИИМ башчысы менен кайым айтышты

Алиясбек Алымкулов жубайын Жол кайгуул кызматынын инспекторлору токтоткондон үч апта өткөн соң ички иштер министри Абдылда Суранчиевди «коррупцияга» айыптады.

Министрлердин ортосундагы кайым айтышуу 22-август күнү өкмөттүн жыйынында болгон — эмгек, жаштар жана миграция министри Алиясбек Алымкулов сүйлөп жатканда микрофонун өчүрүп салышкандан кийин ал Суранчиевди «башкы коррупционер» деп атаган.

«Мага сөзүмдү аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк беришкен жок, мен кайсыл жакта кандай коррупция экендигин айтайын дегем. Менин корко турган эч нерсем жок», — деди эмгек министри Kloop.kgге берген маегинде.

Видео: Министрлердин өкмөттүн жыйынындагы кайым айтышуусу

Кайым айтышуу августтун башында Жол кайгуу кызматынын (ЖКК) инспекторлору Бишкектен Ысык-Көлгө бара жаткан Алымкуловдун жубайынын унаасын токтоткондон үч апта өткөндөн кийин болгон, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

ЖКК инспекторлору министрдин жубайын белгиленген ылдамдык режимин бузгандыгы үчүн токтотушкан — ИИМдин маалыматы боюнча, унаа 90 км/сааттан жогорку ылдамдык бара жаткан.

ИИМдин маалыматы боюнча, токтотулгандан кийин Алымкуловдун жубайы документтерин көрсөтүүдөн баш тарткан, а унаанын ичинде отурган эмгек министри инспекторлор менен кер-мур айтышып баштаган.

«Жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, протокол түзүлгөн эмес. Эскертүү берүү менен гана чектелишкен, демек айып пул төлөтүлбөйт», — деди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Осмонбаевдин айтымында, ал чырлашуудан кийин эмгек министри Абдылда Суранчиевге телефон чалып, Бишкектен Ысык-Көлгө бара жаткан жолдо «Жол кайгуул кызматынын өтө эле көп посту» бар экенин айткан.

«Министрлердин сүйлөшүүсүнөн кийин Исаев [Жол кайгуул кызматынын башчысы Талантбек Исаев] ЖККнын постторунун көп экендигин текшерген, бирок текшерүүнүн жүрүшүндө бардыгы тартипке ылайык жайгашкандыктары маалым болгон», — деди ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү.

Суранчиев «Азаттык» радиосуна Алымкулов менен болгон кайым айтышуусу эмгек министринин августтун башындагы инспекторлор менен болгон чырлашуусунун аягына чейин жайгарылбагандыгына байланыштуу болушу мүмкүндүгүн айткан.

Алымкуловдун өзү Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде жубайы менен болгон окуя анын ИИМдин башчысы менен кайым айтышуусуна тиешеси жок экенин билдирди.

«Менин үй-бүлөмдүн саясатка эч кандай тиешеси жок. Бул жакка үй-бүлөмдү эмнеге аралаштырып жаткандыктары мага түшүнүксүз. Эгер анда саясатчы, адам катары мага кандайдыр бир дооматтары болсо үй-бүлөмө эмес, мага айтсын да», — деп белгиледи министр.

Аны менен катар эмгек министри Жол кайгуул кызматынын инспектору менен болгон чырдан кийин ал Суранчиев менен бир нече жолу жолугууга аракет кылгандыгын, бирок үч аптадан кийин өкмөттүн жыйынында гана жолуга алгандыгын айтууда.