Дүйнөлүк басылмалар «Курманжан датка» тууралуу: «Патриотизмди көтөрүү» жана «көз карандысыздык үчүн күрөш»

Британиялык жана канадалык басылмаларда «Курманжан датка» кыргыз эпопея-тасмасы тууралуу макалалар жарык көрдү. Британиялык «Гардиан» басылмасы тасманы — патриоттук духту көтөрүү аракети деп жазса, канадалык «Монреаль газетт» андагы Орусия империясы жөнүндөгү оңтойсуз чындыктарга көңүл бурган.

«Гардиан» гезити Кыргызстанда кинотасмадан залга толгон элди жана патротизмдин өсүшүн күтүп жаткандыктарын жазган.

Макаланын автору Бакыт Ибраимов макаласында тасманын жаратуучуларынын дагы, ошондой эле анын сынчыларынын айткандарына да орун берген.

«Тасма кийинки муундар үчүн визуалдык мурас, ошондой эле жаш кыргыздардын арасында патриоттук сезимдерди көтөрүү, тарыхты сактоо жана улуттук баатырлардын ысымдарын кылымдарга калтыруу аракети болуп эсептелет», — деп жазган автор тасманы тартуу менен алектенген «Айтыш фильм» студиясынын өкүлү Чолпон Идрисованын айткандарын.

«Курманжан датка» — режиссер Садык Шер-Нияз тарабынан мамлекеттин акчасына тартылган эң кымбат кыргыз тасмасы. Аны тартууга 1,5 АКШ долларына чукул каражат жумшалган.

Тасмада жолдошу каза болгондон кийин алай кыргыздарынын башчысы болуп, Орусия империясынын аскерлерине каршы күрөшкөн Курманжан аттуу кыздын жашоосу баяндалат.

«Гардиан» өз макаласында сынчылардын айткан пикирлерин да жазган.

Анда «Прогресс» фондунун башчысы Адиль Турдукулов тасманы жаратуу үчүн бюджеттен өтө эле көп каражат бөлүнгөндүгүн айткан.

Анын пикиринде, тасманы жаратууда бир нече базалык мыйзамдар бузулган: режиссер менен студияны тандоо боюнча сынак өткөрүлгөн эмес, ошондой эле тасманы тартууга жеке каржылоону табуу аракеттери көрүлбөй, тасманы тартуу жаңы адамга берилген.

«Кийинки жолкусунда эгер өкмөт киного акча бөлүүдө ошончолук эле берешен болуп кетсе жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды кайталабоого аракет кылат деп ишенгим келет», — деп жазган «Гардиан» Турдукуловдун айткандарын.

https://soundcloud.com/kloop-1/xuobdnwbbckc

Тема боюнчаСадык Шер-Нияз «Курманжан датка» тасмасына бөлүнгөн каражаттын кандай сарпталгандыгы тууралуу

Макалалардын бир бөлүгү учурдагы Кыргызстанга күчтүү лидердин зарыл экендиги жөнүндөгү пикирлерге арналган.

Тасманын актрисасы Назира Мамбетова менен юрист Орунбек Самидинов өлкө башчысы Курманжан датканыкындай сапаттарга ээ болушу керектигин айтышкан.

«Орусия империясы тууралуу оңтойсуз чындык»

Канадалык «Монреаль газетт» өз макаласында Курманжан датка каршы күрөш жүргүзгөн «орусиялык баскынчылар» тууралуу «оңтойсуз чындыктарга» көңүл бурган.

Тасманын режиссеру Садык Шер-Нияз басылмага берген маегинде Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы жакшы мамилелерге карабастан орустарга тасмадагы орусиялык офицерлердин образдары жакпай калышы мүмкүндүгүн айткан.

«Алар [Орусия] биздин мамлекет үчүн эң маанилүү өнөктөштөр. Бирок тасма ал убактагы колониялык Орусиянын көйгөйүн чагылдырат. Бирок анын бардыгы фактылар. Ошондуктан көптөгөн продюсерлер бул тасманы жасоого даяр эмес болушту, анткени алар Орусия жөнүндөгү бул оңтойсуз чындыкты айтып берүүлөрү керек болчу. Бирок чындык деген чындык, мен аны болушунча көрсөткөнгө аракет кылдым», — деген Шер-Нияз «Монреаль газеттке» берген маегинде.

Тема боюнчаСаясатчы менен режиссер «Курманжан датка» тасмасынын бюджети боюнча талашууда

Тасманын режиссеру канадалык басылмага берген маегинде көз карандысыздык үчүн күрөштүн маанилүүлүгү тууралуу айткан: «Биз көз карандысыздыктын кадырын ар дайым түшүнүшүбүз керек. [...] Биз аны тийиштүү нерсе катары түшүнбөшүбүз керек».

«Курманжан датканын» премьерасы Кыргызстанда 31-августта болот. Тасманын жаратуучулары учурда Монреалдагы Дүйнөлүк кино кинофестивалында жүрүшөт.

Солдон оңго: Француз чыгыш таануучусу Поль Пелльо, Курманжан датка, анын небереси жана Маннергейм, «Алай ханышасынын» боз үйүндө
Солдон оңго: Француз чыгыш таануучусу Поль Пелльо, Курманжан датка, анын небереси жана Маннергейм, «Алай ханышасынын» боз үйүндө

Тема боюнча: Курманжан датканын болочоктогу финн президенти тарткан акыркы фотосүрөттөрү