Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан алты киши каза болду

Бишкек-Ош унаа жолунда «Хонда Одиссей» жана «Хонда Степвагон» автоунааларынын сүзүлүшүүсү алты адамдын өмүрүн алып кетти, деп билдирүүдө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги. Жүргүнчүлөрдүн дагы алтоосу түрдүү даражадагы жаракаттарды алышкан.

Кырсык 23-август күнү Бишкек-Ош унаа жолунун Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айылынын жанындагы бөлүгүндө болгон.

Унаалардын кагылышуусунун жыйынтыгында алты киши каза болуп, дагы алтоосу жаракат алышкан. Жаракат алгандар учурда Үч-Терек айылындагы Токтогул райондук ооруканасына жаткырылышкан.

Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз.

Аймактык жаңылыктарды жазган «Турмуш» агенттиги каза болгондордун тизмесин жазып чыкты:

  • айдоочу Иноят Аматова, 1951-жылы туулган, Бишкек шаарынын жашоочусу;
  • Умида Сапарова, 1972-жылы туулган;
  • азырынча жеке маалыматтары белгисиз 1,5 жаштагы кичинекей бала;
  • ооруканада каза болгон жүргүнчү, анын да жеке маалыматтары белгисиз;
  • Чынара Анарбекова, Бишкек шаарынын жашоочусу;
  • Таланбек Усунбаев.

Жаракат алгандар:

  • Кубатбек уулу [аты белгисиз], 1997-жылы туулган. Бишкек шаарынын жашоочусу;
  • Тумар Кубатбек кызы, 2006-жылы туулган, Бишкек шаарынын жашоочусу, оор жаракат алган;
  • айдоочу Жылдызбек Нурдинбеков, 1978-жылы туулган, Аксы районунун жашоочусу;
  • Бектурсун Мамат уулу, 1995-жылы туулган, Бишкек шаарынын жашоочусу;
  • Айнура Оморова, 1968-жылы туулган, Бишкек шаарынын жашоочусу;
  • Химина Өмүрали кызы, 1998-жылы туулган, Ош облусунун Кара-Кочкор айылынын жашоочусу.