Жаңы мектеп формасын кийүүдөн баш тарткан окуучулар жазаланбайт

2015-2016-жылдан тарта милдеттүү түрдө кийүү керек болгон жаңы мектеп формаларын кийүүдөн баш тарткан окуучуларга карата эч кандай жаза колдонулбайт, деп билдиришти Билим берүү министрлигинен.

Билим берүү министрлиги мектеп формасын кийүүдөн баш тарткан окуучуларды жазалай албайт — бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде Мектепке чейинки жана мектепте билим берүү башкармалыгын жетектөөчү адиси Салтанат Мамбетова билдирди.

«Эгер бала мектепке формасы жок келсе аны окуу процессине катыштырбай коюу деген санкциялар жок», — деди ал.

Аны менен катар мекеме мектеп формасын кийүүдөн баш тарткан окуучуларды сабактарга киргизей койгон мектеп директорлоруна карата чара көрөт.

«Мага ошондой мектепти көрсөткүлөчү. Биз андай мектептерге карата чара көрөбүз», — деди Мамбетова.

СүрөтЖаңы мектеп формасы кандай көрүнүшкө ээIMG_0462Анын айтымында, Билим берүү министрлиги мектеп формасын милдеттүү түрдө кийип жүрүү боюнча мектеп окуучулары жана алардын ата-энелеринин арасында түшүндүрүү иштерин гана жүргүзө алат.

«Мектеп формасынын киргизилишинин өзү — бул профилактика болсун деген ата-энелердин каалоосу болгон. Бул рэкетчиликке каршы күрөшүүнүн ыкмаларынын бири, бала өзүнүн коңшусунун кийимине карабастан окуп, окуу процессинде болушу үчүн киргизилди», — деди Мамбетова.

Жаңы мектеп формасы 2014-жылдын жайында СМС-добуш берүү аркылуу тандалып алынган — аны кийүү эмдиги 2015-2016-окуу жылынан тарта милдеттүү болот.

Видео: Жаңы мектеп формасын сатуунун алгачкы күнүндөгү ажиотаж

Жаңы мектеп формасы алгачкы жолу 21-августта «Алкан» базарында сатылып баштаган — анда мектеп окуучуларынын ата-энелери формаларга болгон алгачкы баалар менен тааныша алышкан:

  • башталгыч класстар үчүн — 1400 сомдон 1500 сомго чейин;
  • орто класстар үчүн — 1650 сомдон 1750 сомго чейин;
  • чоң класстар үчүн — 1850 сомдон 1950 сомго чейин.

Kloop.kg тарабынан сурамжыланган башталгыч класстардын окуучулары форманы жактыргандыктарын айтышып, жалпысынан жакшы кабыл алышты.

Мектеп формасынын киргизилиши аларга болгон бааларды өтө эле кымбат деп эсептеген кыргызстандыктарын бир бөлүгүнүн каршылыгын жаратты.

«Бул долбоордун ишке ашпай калышына үмүт артам. Мен — биринчи класска бара турган кыздын апасы — бул формага толугу менен каршымын. Мен оюмда мектепке бара турган кызыма кандай кийим жана канча сомго сатып алаарымды эсептеп койгом. Аларда дене тарбия да болот да», — деп жазган «Дизель» интернет-формунун Modesta аттуу колдонуучусу.

«Андан сырткары кийимдерди тез-тез жууп туруш керек эмеспи, демек, бир гана комлекти сатып алуу жетишсиз. Түрдүү кокустуктар үчүн дайыма колуңда дагы бир комплектинин бар болушу үчүн дагы бирөөнү сатып алуу керек. Аны эсептегенде 4000 сом болуп кетип атат. Жок, андан көрөк мен кайсыл кийимдин ыңгайлуу, жеткиликтүү жана аба ырайына туура келээрин өзүм эле тандап алам», — деп уланткан ал.