Gallup: Кыргызстан 2009-жылдан бери коопсуздук рейтингинде позициясын өзгөрткөн эмес

Кыргызстан 2009-жылдан бери мурунку СССР өлкөлөрүнүн ичиндеги коопсуздук рейтингинде өз позициясын өзгөрткөн эмес, деп жазылган эл аралык Gallup уюмунун сурамжылоосунун жыйынтыктарында. Ички иштер министрлиги калкты сурамжылоонун жыйынтыктары менен макул эмес.

Коомдук пикирди иликтөө менен алектенген Gallup уюму Кыргызстандан 1000 чукул кишиге үчтөн суроо берип сурамжылоо жүргүзгөн:

  • учурда жашап жаткан шаардын же райондун жергиликтүү милициясына ишенесизби?
  • өз шаарыңыздын же районуңуздун караңгы көчөлөрүндө жалгыз сейилдеп жүргөнүңүздө өзүңүздү коопсуз сезесизби?
  • акыркы жылы сиз же үй-бүлөңүздөрдөн бирөө бир нерсесин уурдатты беле?

Сурамжылоонун жыйынтыктары боюнча, Кыргызстан 100 упайдын 64үн алып, коопсуздук рейтингинде Белорусь менен Казакстандын ортосунда жайгашкан. Өлкө Gallup тарабынан 2009-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында да дал ушундай эле жыйынтыкка ээ болгон.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ)басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев сурамжылоонун жыйынтыгында көрсөтүлгөн маалыматтар менен макул эмес — ИИМдин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2009-жылдан бери кылмыштардын саны азайып, жалпысынан тынчыраак болуп калган.

«Ырасында эле тынчыраак болуп калган жокпу? Азыр катталган кылмыштардын саны азайып баратат. Мына 2012-2013-жылдарга салыштырмалуу аз болду. Үстүбүздөгү жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча да төмөндөөдө. Мен милиция автивдүүрөөк иштеп жатат деп айтаар элем», — деди ал.

Извините, в настоящее время нет доступных опросов.

Осмонбаевдин айтымында, 2006-2010-жылдары буйрутма адам өлтүрүүлөр, жардыруулар болгон, ал эми акыркы бир нече жыл ичинде ИИМдин аракеттери жана иш-чараларынын аркасында кылмыштар азайып калган.

«Азыркы учурду 2006-2009-жылдар менен салыштыргылачы. Анда дайыма буйрутма адам өлтүрүүлөр болуп турчу. 2010-жылы көптөгөн  жардыруулар болду. Азыркы учурду мурунку менен салыштырып болобу? Мына мен бул маалыматтар менен таптакыр макул эмесмин. [...] Жаңы конуштарда биз кошумча милиция бөлүмдөрүн жайгаштырдык. Мен кылмыштуулук таптакыр жок деп айтпайм. Ал жеке бизде эле эмес баардык жакта бар. Ал эмес кылмыштуулук дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүндө да өркүндөп жатат», — деди ал.

«Арыздануудан кооптонуу»

Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен 59 упайга ээ болгон Казакстандан озуп, акыркынын кийинкисинде турат. Gallupтун сурамжылоосунун маалыматтарына ылайык, аймакта баарынан да Өзбекстан менен Тажикстандын жашоочулары өздөрүн коопсуз сезишет.

Извините, в настоящее время нет доступных опросов.

EurasiaNet жаңылыктар порталынын редакциясы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Өзбекстан менен Тажикстандагы сурамжылоолордун жыйынтыктары чыныгы абалды көрсөтпөшү мүмкүн деп эсептейт. Анткени ал түздөн-түз сөз эркиндигине байланыштуу.

Өзбекстан дагы, Тажикстан дагы Freedom House укук коргоо уюмунун сөз эркиндиги рейтингинде акыркы орундарда турат, ошол эле маалда Кыргызстан «эркин эмес» өлкөлөрдөн дээрлик «жарым-жартылай эркин» өлкөлөрдүн катарына кирген.

«Сурамжылоодо жарандар бийликке жакпай калуу коркунучунан улам эч кандай нааразычылыктар жок деп жооп беришкен болуулары мүмкүн, анткени анда нааразы болгондорго карата бийлик тараптан жумшак мамиле болбойт. Дагы бир мүмкүн болгон түшүндүрмөлөрдүн бири — жергиликтүү маалымат каражаттарынын бийликке көз каранды экендиги болушу ыктымал – кылмыштар тууралуу чыныгы маалыматтар калктан жашырылып, басма сөз беттерине чыкпайт, мындан улам калк арасында өлкөдө жаман эч нерсе деле болбой эле, коопсуз деген иллюзия пайда болот», — деп жазылган EurasiaNet сайтында.

ИИМдин өкүлү Эрнис Осмонбаев да EurasiaNet редакциясынын пикирине окшогон пикир айтты — ал Кыргызстанда сөз эркиндиги болгону үчүн анын жашоочулары милицияны эркин сындай алышат деп эсептейт.

Извините, в настоящее время нет доступных опросов.

«Силер Өзбекстанда бийлик же милиция тууралуу эркин макала жарыялай алат белеңер? Жок. Кыргызстан менен башка борборазия өлкөлөрүнүн ортосунда айырмачылыктар бар. Аймактын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу бизде маалымат каражаттары эркин», — деди ал.

Урматтуу окурман, өзүңүздү коопсуз сезесизби? Макаладагы суроолорго жооп берген соң эмне үчүн ошол жоопту тандаганыңызды айтып бериңиз.