Видео: Бишкектин борборунда унаа сүзүп кеткен адам ооруканада каза болду [17:30да жаңыланды]

«Ниссан» автоунаасы сүзүп кеткен жөө адам №4 шаардык ооруканасында каза болду. Иштин материалдары Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жөнөтүлдү.

«Ниссан Скайлайн» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 20-август күнү кечинде Чүй проспектиси менен батышты көздөй баратып Исанов көчөсүнүн кесилишинен жөө адамды сүзүп алган.

Бишкектин Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов Kloop.kgге берген маегинде 40-45 жаштардагы азиат түспөлүндөгү адам №4 ооруканага жеткирилгенден кийин алган жарааттарынан улам каза болгондугун билдирди.

«Материал бүткөн формага келтирилип, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жол кырсыктары боюнча бөлүмүнө жөнөтүлдү», — деди Оторов.

Ал учурда бул иш боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.