Видео: Жалал-Абаддын борбордук көчөсүндөгү жөнөкөй эмес үлпөт кортежи

Жети джип жана лимузинден турган үйлөнүү тойдогу кортеж сигнал берип Жалал-Абаддын борбордук көчөсү аркылуу өтүп кетти. Жалпысынан Кыргызстандагы жашоо деңгээлигин төмөндүгүнө карабастан кымбат үйлөнүү тойлор аймактарда сейректик катары эсептелбейт.

Жалал-Абаддагы жергиликтүү журналист Евгений Погребняк үйлөнүү тойлордо кымбат баадагы унааларды пайдалануу жалал-абаддыктардын «жергиликтүү салты» дейт: «Биздеги үйлөнүү тойлордо дайыма бир нече лимузин болот. Мындай көрүнүшкө адамдар жакшы эле көз карашта».

Анын айтымында, үйлөнү тойлордогу унаалар шаар тургундарынын тынчын албайт, ошондуктан жалал-абаддыктар ага нормалдуу эле көз карашта: «Алар жүрсө да борбордук Ленин көчөсү менен гана жүрүшөт, сейил багына чейин барып, андан ары шаардан чыгып кетишет. Жергиликтүү тургундарды кыжырдантат деп айтууга болбойт».

Урматтуу окурмандар, шаар борборлорундагы үлпөт той кортеждеринин жүрүүлөрүнө кандай көз караштасыздар? Алар сиздерге тоскоолдук кылышабы? Же көзүңүздөрдү сүйүндүрүп, жакшы көрүнөбү? Өз пикирлериңиздерди төмөнкү жактагы пикир калтыруу бөлүмүнө жазып калтырыңыздар, алардын эң мыктылары макалага кошулат.