Видео: Казактар бекер шоколад үчүн урушуп жатышат

Костанайдын 135 жылдыгынын урматына бекер шоколад таратуу иш-чарасы коноктордун түртүшүп, урушуулары менен аяктады — иш-чара башталгандан бир нече мүнөт өткөн соң уюштуруучулар чогулгандардын тарап кетүүлөрүн өтүнүшкөн.

16-август күнү Казакстандын түндүгүндөгү Костанай шаарынын жашоочулары бекер шоколад алуу мүмкүнчүлүгү үчүн бирин-бири түрткүлөп, урушууга чейин барышкан — уюштуруучулардын планы боюнча, ал шоколаддарды түрдүү сынактардын жеңүүчүлөрү менен жигердүү катышуучулары алышы керек болчу.

Иш-чара башталгандан бир нече мүнөт өткөн соң алып баруучу Евгений Сотников чогулгандарды уяткарып, тарап кетүүлөрүн өтүнгөн: «Ушуну менен бүттү. Көңүл бургандыгыңыздар, маданиятсыз жана күтүүнү билбегендигиңиздер үчүн рахмат. Бүттү, аяктадык», — деген ал.