Видео: Бишкекте аял жүрүп бара жаткан унаанын үстүнө чыгып алган

Белгисиз аял Кудай жөнүндө айтып берүү үчүн бишкектик айдоочулардын биринин унаасынын үстүнө чыгып алган — окуянын видеорегистраторго тартылып алынган бөлүгү интернетте пайда болду.

Видеонун автору Евгений Ивашов ал окуядан улам дагы деле шок абалында экении жазган — белгисиз аял ал унаасын айдап бара жатканда үстүнө чыгып алган.

«Алгачкы секунддарда мен бир аз шашкалактап калдым. Коопсуздук курун тагынып, эшиктерди бекиткенимче ал аял Кудай жөнүндө декламация айтып жөөлүп баштады», — деп айтып берди ал.

Ивашовдун айтымында, аялды түшүрүү үчүн ага «анын көйнөгүнүн этегинен тартууга» туура келген.

«Ал учурда аял унаанын үстүнө бир нече чуңкурайган издерди калтырды. Анча чоң эмес, бирок жагымсыз. Анан ал секирип кетип, жерге өлгөн кишидей жыгылып калды. Андан ары аны менен убараланган жокмун. Жогорку кабаттардан «тургуз аны» деген сөздөрдүн коштоосундагы боорукер адамдардын кыйкырыктары угулду», — деп жазган автор «Дизель» форумуна.