Саякатчынын күндөлүгү: Кыргызстандын азгырган кооздугу жөнүндө

Jaspertour блогунун автору велосипед менен бир нече ондогон өлкөлөрдү кыдырган. Бүгүнкү күндө ал Кыргызстанда жүрөт жана башынан өткөргөн окуяларды баяндап берүүдө.

Kloop.kgнин редакциясы анын акыркы жазууларын сайтка чыгарууда. Түп нускасын бул жерден көрсөңүздөр болот

Өткөн түнү жергиликтүү тургандардын эмнеге эле кечке калтырап жаткандыктарын эми түшүндүм.

Чатырдын айланасындагы мейкиндикти муз каптап калыптыр, а анын ичи нымдуу жана суу болуп кеткен. Аябай суук болду. Мен эртең мененки убакыттын кандай — суук же жылуу болоорун түшүнүү үчүн дайыма күндүн кантип чыгып жатканына көңүл бурам. Менин ал түнү эмнени тандап алмактыгымды силер элестетип жатасыңар деп ойлойм!wp_20140811_004Көпкөк болгон таза асман абанын кыйла эле тез, бирок ысык болуп кетпегидей жылый турганынан кабар берип турат. Мындай аба ырайы кадам сайын жергиликтүү тургундар жолугуп, боз үйлөр көп болгон бул аймакта (кеп Суусамыр өрөөнү жөнүндө болууда) велосипед менен саякаттоого ойдогудай туура келет.

Чатырды жыйнап, эртең мененки тамакты алып алган соң мен ылайыктуу музыка тандап, ошол күнү эртең менен менин аркаман чуркап, жылмайып жаткан балдарга кол булгалап жаттым. Оор жашообу? Бул жөн гана Бишкекке түшчү акыркы эңкейишке чейин токтоп тыныгып алуу.wp_20140811_016Кечээки деңиз деңгээлинен 3184 метр бийиктикте жайгашкан Ала-Бел ашуусундагы тыныгуум өтө оор болгон, ошондуктан мен кийинки тыныгуум деңиз деңгээлинен болгону 2564 метр гана бийиктикте боло тургандыгына кубандым.. бирок мен жаңылыптырмын! Кофе алуу үчүн май куюучу жайга киргенимде Монгол раллисинин катышуучуларын жолуктурдум. Сыягы менин карта колдонуудагы тажрыйбам тиешелүү деңгээлде эмес окшойт, анткени Төө-Ашуу 3589 метр бийиктикте экен, мындайды мен күткөн эмесмин…

Эң сонун жаңылык: салыштырмалуу тик болгон кечээки тоого чыгууман айырмаланып өрөөндүн [Суусамыр өрөөнүнүн] бир аз жогорураак жагында узун жана ийри-буйру жолдор бар, алардан карама-каршы тараптагы кардуу чокулардын укмуштуудай көрүнүшү ачылат.wp_20140811_007Бул өлкө мага барган сайын жагып барат. Жогору жакка чыкканга чейин жолдо эч кандай дүкөн жок. Бирок ынактарча суу сунуштаган аялдар көп.wp_20140811_008Мага качан биз аял экөөбүз айланадагы көрүнүштөргө суктанып, көп сүйлөшүп турган учурлар жагат, ал эмес бизге бири-бирибиздин тилибизди билбегенибиз да тоскоол кылган жок…Ал ортодо айланада 30 градустан кем эмес ысык. Ал эмес жылкылар да ысыктан коргонуп жашынып алышкан…wp_20140811_018Мен жергиликтүүлөрдөн чокуга чейин канча бар деп сурадым. Алар ишенимдүү түрдө дагы 17 чакырым бар экенин айтышты. «Бул толук колдон келет,» — деп таң калтырды мени жолдон жолуктурган велосипедчи.

«Эгер сиз бир күндүн ичинде чыгууга жетишсеңиз, өтө жолуңуз болгон болот».

Ал ортодо ийри-буйру жолдор дагы деле уланууда.wp_20140811_020Жолдо коркунучтуу мүнөздомолоргө ээ, 3,5 чакырымга созулган, асфальтталган, жарыктандырылган, бирок желдетилеген туннель бар.wp_20140811_0231Жолдун катаалдыгынын деңгээлин ал аркылуу жүк ташуучу унаалардын жылып баратканынан улам бааласа болот: же жогору көздөй өтө жай кыбырашат, же дөңгөлөктөрүнө чынжыр байлап жол аркылуу акырын төмөн түшүп бара жатышат. Мында бузулган деталдар сейректик эмес. Мен бир нече жүк унаасынын чыгып алуу сунушун дээрлик кабыл алдым.wp_20140811_032Туннелге көтөрүлүү чечими күтүүсүз пайда болду. Мен аны түшүнгөнүмчө велосипедим унаага салынып, өзүм туннелди көздөй бара жаткам. Ал жакка велосипед менен чыга албай турганыма жана велосипед унаадан түшүп кетиши ыктымалдыгына кыжырданып жаттым. Бирок ал убакта эч нерсени талкуулап кереги жок болчу, анткени артыман 40ка чукул жүк унаасы келе жаткан жана алардын эч кимисинин мени күткүлөрү келген эмес. Бирок ичимен мен баары бир алымсындым.

Ушунун баарын башыман өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген адамдарга рахмат.

Ал жерден тарта жол төмөндөп, ушуну менен менин Кыргызстандын тоолорунун чокуларына чыгуум убактылуу аяктады. Ал эңкейиште зигзагдар менен кайрылыштар өтө көп экен. Менин Strava.com (өз маршруттарын картада көзөмөлдөп туруу мүмкүнчүлүгүн берген велосипедчилерге арналган сервис) сайтындагы баракчамды карагылачы, бул эңкейиш жол өтө тик дагы экен.

Менин навигаторум эңкейиш 25 милге чукул болгондугун көрсөттү…wp_20140811_0431Чокуда суук, бирок төмөн түшкөн сайын тез эле жылуу болуп баштайт.wp_20140811_0381Менин оюмча, бул эң жагымдуу чыгуу жана түшүү болду…wp_20140811_0361Кечээки түндөгү сууктан кийин мен күн батып бара жаткан жылуу кечти кубануу менен тосуп алдым.wp_20140811_045Бул башка дүйнөдөгү жашоого салыштырмалуу өтө каныккан, бирок анча тынчы жок күндөр болду…

Тоонун чокусуна чыгуу кандай гана жагымдуу, эгер менин буттарымдын мүмкүнчүлүгү болгондо мен бул жердин баарын кыдырып чыгаар элем.

Кандай гана укмуштуудай өлкө.