Чек ара кызматы: Чек арадан өтүүгө аракет кылган өзбек «аткезчиси» октон каза болду

Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Өзбекстандын бир жараны кыргыз чек арачылары аткан октон алган жаратынан улам каза болду, деп билдирди Кыргызстандын Чек ара кызматы.

Кыргыз-өзбек чек арасында ок атуу коштолгон жаңжал 19-август күнү эртең менен болду — Кыргызстандын чек арачыларынын Баткен облусундагы отряды Өзбекстандын чек араны бузуп өтүп бара жаткан жарандарына карата ок чыгарган.

Кыргыз чек арачыларынын маалыматтарына ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орто-Ынтымак айыл аймагында чек арачылар чек арадан таңгактарды аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылып жаткан 20-25 кишиден турган топту байкашкан.

Чек арачылар аткезчилерди колго түшүрүүгө аракет кылган, бирок алар каршылык көрсөтүп, чек арачыларды көздөй таш ыргытып башташкан. Аскерлер ок атуу менен жооп беришип, өзбекстандыктардын бирин жарадар кылышкан.

«Күзөттөгү кызматкерлер тарабынан жарат алган адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн, бирок ооруканага бара жаткан жолдо алган жараттарынан улам каза болуп калган», — деди Kloop.kgге берген маегинде Чек ара кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, чек араны бузуп кирип келгендердин калгандары Өзбекстандын аймагына кирип жашырынып калышкан.

Чоколоева эки кыргыз чек ара кызматкери денелерине түрдүү даражадагы жаракаттарды алышкандыгын айтты.

Кыргызстандын бийлиги окуя боюнча иликтөө иштерин баштап, өзбек кесиптештерине кат жөнөттү.

Чек арачылардын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учурда кыргыз-өзбек чек арасында абал тынч.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинен жооптуу кызматкердин жок экендигин айтышып, бул боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты.

Автор: Азат Рузиев