Кыргызстан көчмөндөр оюнуна даярбы?

Ысык-Көлдүн жээгиндеги курорттук Чолпон-Ата шаары сентябрда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун кабыл алат. Бирок ага көрүлүп жаткан даярдыктар бир катар көйгөйлөр менен коштолууда, алардын эң башкысы — убакыттын тардыгы.

Азыркы тапта Чолпон-Атадагы ат майданда курулуш иштери күнү-түнү кызуу уланууда. Күндүн ысыгына карабастан ондогон жумушчулар арматураларды ширетип, котловандарды казып, жаңы гана сырдалган тосмолордун ар бир бириккен жерин текшерип жатышат.

«Эгер баары план менен болгондо биз бир жыл мурун эле баштамакпыз», — деп нааразычылыгын билдирди Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кадырбек Эргешев.07_P10206921Кыргызстан 2014-жылдын 8-сентябрында баштала турган Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун кабыл алуу укугуна жарым жыл мурун гана ээ болгон.

Даярдык көрүү үчүн өтө эле аз убакыт калды, ошондуктан оюндардын башкы майданында — Чолпон-Атадагы ат майданда — даярдык иштери күнү-түнү уланууда.

Ачылыш аземине бир айдан аз гана убакыт калды, а жумушчулар ал аралыкта үч трибунанын экөөсүн тургузуп, ширетүү иштеринин көбүн бүтүрүп жана 15 метр диагоналдагы аябагандай чоң экранды орнотуп бүтүрүүлөрү керек.00a_P10207161«Каалайбызбы, каалабайбызбы биз жумуштарды мөөнөтүндө бүтүрүшүбүз керек», — деп үмүттөнүүдө Эргешев.

Кыргызстанга кандай пайда?

Ат майданды кеңейтип, оңдоп-түзөө үчүн мамлекеттик бюджеттен 52 миллион сом бөлүнгөн. Уюштуруучулар ал жумшалган каражат жыйынтыгында Чолпон-Атанын жашоочуларына экономикалык киреше катары кайра келет деп үмүттөнүп жатышат.

10дон ашык өлкөнүн спортчуларынын катышуусу күтүлүп жаткан оюндар негизинен сентябрдын башында эле аяктай турган Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү туристтик сезонду узартат.03_P1020706 (1)«Цехтик инвесторлор гильдиясы» бирикмесинин президенти Эркинбек Мергенбаев жаңыланган ат майдандын айланасында көптөгөн тамактануу жайлары менен жарак-жабдыктарды саткан дүкөндөрдүн жаңы түйүндөрү пайда болот деген үмүттө.

Анын башкаруусундагы уюм курулуш иштеринин бардыгын тең өз мойнуна алган. Курулуш иштери аяктагандан кийин ат майдандын сыйымдуулугу 2 миң кишиден 7 миңге чейин көбөйөт.

«Жалпысынан оюндарга 18 миңге чукул көрүүчү келе алат», — деди Мергенбаев.04_P1020721Аны менен катар уюштуруучулар ат майдан көчмөндөр оюну аяктагандан кийин да регулярдуу түрдө ага ээлик кылган мамлекетке, ошондой эле анын айланасындагы инфраструктуранын эсебинен акча таба турган ишкерлерге да киреше алып келип турат деген ишенимде.

Ат спортунун өнүгүшү

Кыргызстандын атынан спорттун 9 түрүнүн ар биринен экиден команда катышат.

Ат чабышка салттуу түрдө 10 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөр катышышат — алар салмагынын жеңилдигинен улам өзгөчө суроо-талапка ээ.

«Балдар оюндарды көрүү үчүн келип жатышат, анан андагы ат чаап жүргөн өзү теңдүүлөрдү көрүшүп, ат чабыштарга катышкылары келип бизге келишет. Анан биз мыктыларын тандап алабыз», — деп түшүндүрдү Ысык-Көл жылкы заводунун директорунун орун басары Таалайбек Бурганаков.11_P1020732Ат чапчулар оюндардын башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат, анткени аларда кымбат баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болот, а жаңы ат майдан оюндар аяктагандан кийин да каалаган убагында жеткиликтүү болуп калат.

15 жаштагы Нурсултан Кыргызстандын атынан жорго-салышка катышат. Ал ат майдандан алыс эмес жердеги эски темир жол вагонунда жашайт. Ал дээрлик бир күн бою атканада болот, а бош убактысында футбол ойнойт.10_P1020743Сүйгөн иши менен алектенүү үчүн ал өз айылынан качып келген жана жеңишке жетем деп үмүттөнүүдө — жакында эле апасы кайтыш болуп, учурда Нурсултан акчага зарыгып турган чагы.

Жалпысынан көчмөндөр оюнуна спорттун 9 түрү боюнча медалдардын 9 комплекти үчүн ат салыша турган 300гө чукул спортчу катышат.

Жеңиш үчүн 19 миң АКШ долларынан ашык өлчөмдөгү байге берилет, алардын 10 пайызын ат чапкан адам алат.

«Байгеге берилген акчага жаңы кийим сатып алмакмын», — дейт Нурсултан.09_P1020725Эреже катары, жергиликтүү мелдештердеги байге фонду көчмөндөр оюнуна бөлүнгөндөн кыйла эле аз болот. Бирок уюштуруучулар жаңыланган ат майдан өткөрүлө турган мелдештердин жыштыгын көбөйтүп, ал өз кезегинде жергиликтүү жаш спортчулардын көбүрөөк акча табууларына мүмкүнчүлүк түзөт деген ишенимде.

Зор үмүттөр

Дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Кадырбек Эргешев Кыргызстан үчүн көчмөндөр оюнун алгачкылардан болуп өткөрүү принципиалдуу түрдө маанилүү деп эсептейт.

«Эгер оюндарды Кыргызстан биринчи болуп өткөрсө, анда эрежелерди биз белгилейбиз дегенди түшүндүрөт. А адамдар көчмөндөр оюнун дайыма биздин өлкө менен байланыштырышат», — дейт ал.02_P1020730Агенттиктин өкүлү оңдоп-түзөө иштери эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүп жатканын айтып үмүттөндүрүүдө.

Чынында биз бараардан бир күн мурун электр жалыны чыгып, а жумушчулардын баштарында курулуш каскалары премьер-министр Жоомарт Оторбаев барганга жарым саат калганда гана кайдан жайдан пайда болуп калган.13_P1020651Бирок кээ бир кыйынчылыктарга карабастан уюштуруучулар алдыдагы оюндарга оптимисттик көз карашта.

«Оюндарды дал Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жатышы көпчүлүгү үчүн анча жакпай жатат. Андыктан биз аларды мыкты деңгээлде өткөрүп, мындай иш-чараларды, болгондо да улуттук спорт түрлөрүн жакшы өткөрө ала тургандыгыбызды баарына көрсөтүшүбүз керек», — дейт Эргешев.

Авторлор: Карина Толмачёва, Серик Манасбаев жана Шодмон Пирназаров.