Туроператорлор: Тоодон түшө албай калган 200 альпинисттин жарымы эвакуацияланды

Коргоо министрлиги Хан-Теңри чокусунан түшө албай калган альпинисттерди куткаруу үчүн жаңы тик учак бөлүп берди, деп билдирүүдө туроператорлор бирикмеси. Чет элдик альпинисттер июлдун ортосунда аларды алып кетчү тик учак бузулуп калгандан кийин Кыргызстандын эң бийик чокуларынын биринде кармалып калышкан.

Дээрлик 200 альпинист транспорттук тик учактын бузулуп калгандыгынан улам Хан-Теңри чокусунда түшө албай калып калышкан — учурда алардын 100гө чукулу эвакуацияланды.

Туроператорлор бирикмесинин өкүлүнүн айтымында, эвакуация иштери август айынын соңуна чейин аяктайт.

Кыргыз туроператорлору бирикмесинин аткаруучу директору Алтынай Мусабаева Kloop.kgге берген буга чейинки маегинде альпинисттер коопсуз жерде экендигин билдирген. Айтымында, Хан-Теңри чокусунун бийиктиктеринде альпинисттердин эс алып алууларына ылайыкташкан бир нече лагерь бар.

«Алардын бардыгын тең бир күндүн ичинде эвакуация кылууга мүмкүн эмес — тоо чоң, аларды чогултуу керек — бир жолку баруу менен алардын баарын куткара албайсың», — деди ал.

Ми-8 тик учагы 18-июль күнү «кутуу шамалдан» улап кулап түшкөн. Кырсык тоодо бутун сындырып алган альпинистти куткаруу маалында болгон.

Тик учак кулап түшкөндөн кийин Коргоо министрлиги альпинисттерди куткаруу үчүн аба транспортунун колдонулушуна тыюу салгысы келген, бирок туроператорлор бирикмеси алардын иштерин уланта берүүлөрү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мекемени көндүрө алган.

Чет өлкөлүк альпинисттер Кыргызстандагы эң бийик чокулардын бири болгон Хан-Теңри чокусуна альпинизм боюнча өтүп жаткан ачык чемпионаттын алкагында чыгышкан.

Хан-Теңри чокусу Кыргызстан менен Казакстандын чек арасынан алыс эмес, деңиз деңгээлинен 7010 метр бийиктикте жайгашкан. Ал дүйнөдө чыгуу үчүн эң коркунучтуу болуп эсептелген тоо чокуларынын катарына кирет.