Сүрөт: ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлери

«Бузулгус достук» деген аталыштагы машыгуулардын ачылышында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскерлери менен техникалары тааныштырылды.

IMG_9528-1024x682Машыгуулар НАТОнун (Түндүкатлантикалык келишим уюмунун) аскерлери Ооганстандан чыгарылгандан кийинки ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерий карым-катнашынын сапатын жогорулатуу иш-чараларынын алкагында өткөрүлөт.IMG_9498-1024x682ЖККУнун курамына Армения, Беларуссия, Казахстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан өлкөлөрү кирет.IMG_9416-1024x682Машыгуулар Токмоктогу «Ала-Тоо» окуу борборунун аймагында 29-июлдан 1-августка чейин өтөт.IMG_9541-1024x682ЖККУга мүчө өлкөлөр машыгууларга сапер-инженерлерден тарта авиациялык аскерлерге чейин түрдүү аскер бөлүктөрүн алып келишкен.

Кыргызстандын аскерлери:IMG_94541-1024x682IMG_94491-1024x682IMG_94532-1024x682Машыгуулар аскер бөлүктөрүнүн түрдүү жерлерге тез аранын ичинде жайгашууга даяр экендиктерин далилдейт, деди Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Асанбек Алымкожоев.IMG_9476-1024x682ЖККУнун милдети келишимге мүчө өлкөлөрдүн аймактык-экономикалык мейкиндигин сырткы аскердик-саясий агрессорлордон, эл аралык террористтерден, ошондой эле ири масштабдагы жаратылыш кырсыктарынан коргоо болуп саналат.IMG_95041-1024x682

Казакстандын аскерлери:IMG_94451-1024x682IMG_94461-1024x682IMG_94481ЖККУнун аскерлеринин машыгуулары жыл сайын анын курамына кирген өлкөлөрдүн биринин аймагында өткөрүлөт. Өткөрүлүп жаткан бул машыгууларга 8 миллионго чукул каражат бөлүнгөн. Ал акчалар иш сапар үчүн кеткен чыгымдарга, күйүүчү майга жана келген коноктордун тамак-ашы менен жашоосуна жумшалат.IMG_9510-1024x682Аскерлердин мында аткаруулары керек болгон милдеттеринин арасында — тосмо бекеттерде кызмат өтөө, барымтадагы адамдарды бошотуу, гуманитардык жүктөрдү коштоп жүрүү жана массалык башаламандыктарга каршы туруу маселелери бар.IMG_9587-1024x682

Тажикстандын аскерлери:

IMG_94581-1024x682ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжа: «Түрдүү террористтик уюмдар деструктивдүү аракеттерди жүргүзүп жаткан азыркы шартта ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик түзүмдөрүнүн ортосундагы карым-катнашты жөнгө салуу өтө маанилүү».IMG_9524-1024x682Машыгууга түрдүү бөлүктөрдөн турган 700гө чукул аскер кызматкери катышат.

Орусиянын аскерлери:IMG_94571-1024x682IMG_9407-1024x682Ар бир өлкө массалык башаламандыктарды токтотуу боюнча магышууларга катыша турган ички иштер, өзгөчө кырдаалдар жана саламаттыкты сактоо министрликтеринин өкүлдөрүн жөнөтүшкөн.IMG_9493-1024x682

Белоруссиянын аскерлери:

IMG_94441-1024x682Машыгууга БУУнун тынчтык орнотуу боюнча операция департаменти менен Эл аралык кызыл крест уюмунун өкүлдөрү да катышышат.

Армениянын аскерлери:IMG_94412-1024x682IMG_9398-1024x682Авторлор: Наргиза Акунова жана Алексей Ким