Видео: Бишкектеги оор рок фестивалы

Еdinaroq фестивалында кыргыз жана казак оор музыка аткаруууларын угуу үчүн Бишкектеги «Кремль» түнкү клубуна 300гө чукул адам чогулду.

Иш-чара блэк-метал жана металкор жанрларында ырдаган төрт топту чогултту — Караганданын First Fight жана Алматынын Healer of Plague топтору, ошондой эле Бишкектин — Project Origin жана My World Inside деп аталган эки тобу катышышты.

Еdinaroq фестивалы Бишкекте экинчи жолу өтүп жатат. Биринчи концерт 2014-жылдын февралында «Цеппелин» рок-барында өткөн. Уюштуруучулардын айтымдарында, edinaroq — бул борбордо буга чейин үч жолу өткөрүлгөн Rock da Bone деп аталган Бишкектеги эң чоң рок-иш-чаралардын биринин алкагындагы фестиваль.