Видео: Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан төрт киши каза болду

«Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү унаа менен бензин ташыган унаанын кагылышуусунан улам төрт киши каза болду. Кырсык 26-июль күнү Бишкек-Ош унаа жолунун Суусамыр өрөөнүндөгү бөлүгүндө болгон.

Абайлагыла, видоедо үрөй учурчу кадрлар бар. Балдарга көрсөтпөңүздөр, эгер бул сиздерге да зыянын тийгизет деп эсептесеңиздер анда өзүңүздөр да көрбөңүздөр.

Азырынча кагылышуунун себептери белгисиз. Жол кырсыгынын жыйынтыгында 1993-жылы туулган Төрөгелди Жапашев, 1994-жылы туулган Арстан Абдыраев жана азырынча аты-жөнү белгисиз болуп жаткан эки аял каза болгон, учурда алардын өздүктөрү аныкталууда.

Жүргүнчүлөрдүн дагы бири — Жеңишгүл Дулатова аман калып, Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген.