КТРКнын жетекчисинин кызматтан кетиши Байкоочу кеңеш үчүн «күтүүсүз» болду

КТРКнын Байкоочу кеңеши Кубат Оторбаевдин телеканалдын жетекчилик кызматынан кетиши «күтүүсүз» болгонун билдирди. Мурунку башкы директордун өзү мындай чечимди өз алдынча кабыл алгандыгын билдирди.

Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРКнын) башчысы Кубат Оторбаев кызматынан 24-июлда кеткен — анын кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы тартылып алынган сүрөт КТРКнын Байкоочу кеңешинин катчысы Мыктыбек Арстанбек тарабынан «Фэйсбук» коомдук желесине жайгаштырылган.

Арыздын текстине ылайык, Оторбаев кызматынан өз каалоосу менен кеткен.

Байкоочу кеңештин мүчөсү Вячеслав Гончаров Kloop.kgге берген маегинде КТРКнын башчысынын кызматтан кетиши күтүүсүз болгондугун айтты.

«Оторбаевдин дарегине айтылган сын-пикирлер анча көп эмес жана туура болчу. Ошондуктан анын арызы күтүүсүз болду. Мен үчүн аны менен иштөө өтө жеңил болчу. Албетте, канча адам болсо ошончо пикир болот. Кимдир бирөө анын ишмердүүлүгүн укуктарды, эркиндиктерди чектөө катары баалашы мүмкүн, бирок менде ага карата эч кандай дооматым жок», — деди Гончаров.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн добуш берүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча, КТРКнын башкы директорунун кызматын убактылуу аткаруучу болуп Султан Жумагулов шайланды  —  ал буга чейин «Азаттык» радиосунун Бишкек бюросун жетектеген, өткөн жылдын ноябрынан тарта ЭлТР коомдук телеканалынын директору болуп иштеп келе жаткан.

Гончаровдун айтымында, Жумагуловдун бул кызматта кала тургандыгына эч кандай кепилдик жок — үстүбүздөгү жылдын декабрына чейин кеңеш КТРКнын туруктуу башкы директорун шайлайт.

Оторбаевдин өзү Kloop.kgге берген маегинде жетекчилик кызматтан кетүү тууралуу чечими КТРКнын директору кызматынын мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу экендигин билдирди.

«Мен бул кызматка 2010-жылдын декабрында тандалып алынгам. Төрт жыл өттү. Эми мен өз каалоом менен ыйгарым укуктарымды өткөрүп берип жатам», — деди ал.

2013-жылдын декабрында КТРКнын Байкоочу кеңеши Оторбаевге «коом үчүн маанилүү болгон маалыматтарды бир нече жолу бурмалоого жана маалымат берүүдө объективдүүлүк менен көп түрдүүлүктүн тиешелүү деңгээлде камсыздалбагандыгына» байланыштуу сөгүш берген.

Бирок Оторбаев Байкоочу кеңеш тарабынан дарегине айтылып жаткан айыптоолорду объективдүү эмес жана негизси деп эсептейт. КТРКнын экс-жетекчиси өзүнүн ишин жогору баалайт.

«Менин дарегиме айтылып жаткан айыптоолор өтө субъективдүү жана далилсиз. Акыркы жыл ичинде аткарылган иштер боюнча отчет Байкоочу кеңеш тарабынан жактырылган. Адилеттүүлүк жеңди», — деди КТРКнын мурунку жетекчиси.

Автор:  Дарья Дариенко