Бишкек: Жол эрежелеринин катаалдагандыгынан улам маршруттук таксилердин айдоочулары иш ташташты [+видео]

Кичи автобустардын ичиндеги адамдардын саны үчүн киргизилген жаңы айыптардан улам Бишкектеги маршруттук таксилердин бир катары каттамга чыгышкан жок, бул тууралуу иш таштагандардын өзүлөрү билдиришти. Борбордун транспорттук ишканасы иш таштоонун себептерин тактап жатат.

28-июль күнү эртең менен Бишкектин аялдамалары маршруттук таксилерди күткөн адамдарга толуп калды. Айдоочулардын өзүлөрүнүн айтымдарында, алар жол коопсуздук эрежесин бузуу үчүн каралган айыптар жөнүндөгү жаңы мыйзамдын кабыл алынышынан улам каттамдарга чыгышкан эмес.

Жаңы киргизилген эрежелерге ылайык, эгер кичи автобустун ичиндеги жүргүнчүлөрдүн саны чек коюлгандан ашса анын айдоочулары 3000 сомдук айып төлөөлөрү керек болот.

Айдоочулардын айтымдарында, мындай санкциялардан улам аларга адамдарды ташуу пайдасыз болуп калууда — кээ бир маршруттук таксилерде болгону 12 гана орундук болот.

«Бизди 12 гана жүргүнчү алууга мажбурлаган жаңы айыптардан улам биз майды да актай албай калабыз. Азыр солярка 45 сом турат, каттам боюнча бир жолу барууга 6 литрден кем эмес керектелет. Биз мындай айыптарга каршыбыз жана жол кирени бир адам үчүн 30 сомго чейин жогорулатууну каалабайбыз», — деди айдоочу Төлөгөн Бейшенбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Шаардын транспорт башкармалыгынын диспетчердик бөлүмүнөн маршруттук таксилердин нааразычылыктарынын эмнеге байланыштуу экенин билбей тургандыктарын айтышты. Бөлүмдүн адисинин айтымында, мэрия учурда анын себептерин тактап жатат.

Маршруттук таксилердин жоктугу социалдык түйүндөрдүн жумуштарына өз убагында жете албай калган колдонуучуларынын көптөгөн нааразы болгон пикирлерин жаратты.

«Бүгүн жумушка 223 менен келдим. Ал башка күндөрү жүз жылда бир жүрчү… А бүгүн аны 20 мүнөт күттүм», — деп жазган популярдуу «Дизель» форумунун {DIOR} деген колдонуучусу.

«Бир катар каттамдагы маршруттар жумушка чыгышкан жок, кимдир бирөө жумушка чыккан бустардын айнектери талкалана тургандыгы жөнүндө ушак таратыптыр. Кээ бирөөлөрү коркуп чыгышпаптыр … ушак таратуу деген ушу экен го», — деп божомолдогон Батухан аттуу колдонуучу.

Жаңы санкциялар парламент тарабынан үстүбүздөгү жылдын июнун ортосунда жактырылып, президент тарабынан июлдун башында кол коюлган.

Жаңы санкцияларга ылайык, жол коопсуздук эрежелерин бузуу үчүн каралган айыптардын болжол менен алты эсеге чейин жогорулашы күтүлүүдө. Катталган айыптардын төрттөн бири Жол кайгуул кызматынын бюджетине кетет.