Бишкек мэриясы: Маршруттук таксилердин айдоочулары коркутуулардан улам каттамга чыгышкан эмес

Бишкек мэриясы борбордо маршруттук таксилердин жоктугун коомдук транспорттун айдоочулары белгисиз адамдар тарабынан коркутууларга дуушар болгондугу менен түшүндүрдү. Айдоочулардын өзүлөрү болсо каттамга жаңы айыптарга нааразычылыктарын билдирип чыкпагандыктарын айтышты.

Бүгүн, 28-июлда, жумушка чыгуудан баш тарткан маршруттук таксилердин нааразычылыгынан улам Бишкек дээрлик коомдук транспорту жок калды.

Бишкек мэриясынын алдындагы шаардык транспорт башкармалыгы айдоочуларга белгисиз адамдар тарабынан «коркутуулар» болгондуктан каттамга чыгуудан баш тарткандыктарын билдирди.

«Маршруттук такси айдоочуларынын арасында белгисиз адамдар каттамга чыккандарды коркутуп жатышат деген маалымат тараган. Биз азыр аларды кайрадан жумушка чыккыла деп көндүрүп жатабыз. Айдоочуларды да түшүнсө болот, анткени аларды унааларын, айнектерин талкалайбыз деп коркутушкан», — деди Kloop.kgге берген маегинде диспетчердик кызматтын башчысы Максат Рыспаев

Жүргүнчүлөрдү ташуунун белгиленген тартибин калыбына келтирүү үчүн Бишкек мэриясы милицияга жана жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген фирмаларга кайрылды.

«Биз Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылдык, учурда алар алдын алуу иштерин жүргүзүп жатышат. Андан сырткары түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген бардык фирмаларда кеңешмелерди өткөрдүк», — деди Рыспаев.

Бирок Бишкек ШИИБсинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов Kloop.kgге берген маегинде аларга маршруттук таксилердин айдоочуларынын дарегине коркутуулар болуп жаткандыгы боюнча эч ким кайрылбагандыгын билдирди.

Тарифтер «төмөн»

Айдоочулардын өзүлөрү болсо ашыкча адам алуу үчүн 3000 миң сом өлчөмүндөгү айыптын киргизилгендигинен жана бензиндин кымбатташынан улам иш таштоого баргандыктарын билдиришти.

«Бизди 12 гана жүргүнчү алууга мажбурлаган жаңы айыптардан улам биз майды да актай албай калабыз. Азыр солярка 45 сом турат, каттам боюнча бир жолу барууга 6 литрден кем эмес керектелет. Биз мындай айыптарга каршыбыз жана жол кирени бир адам үчүн 30 сомго чейин жогорулатууну каалабайбыз», — деди айдоочу Төлөгөн Бейшенбаев Kloop.kgге берген маегинде.

Рыспаев эгер жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген фирмалар бааларды жогорулатуу зарылдыгын негиздеп бере алышса, анда мэрия бааларды жогорулатуу жөнүндөгү мыйзам чыгаруу боюнча Бишкек шаардык кеңешине кайрылуу жазууга даяр экенин айтты.

«Биз жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген фирмалар менен экономикалык негиздемеңерди даярдагыла деп сүйлөштүк — алар өз чыгымдарын көрсөтүшүп, эмне үчүн бааларды жогорулатуу керектигин негиздеп беришсин. Анан биз шаардык кеңешке кайрылабыз», — деди Бишкек мэриясынын өкүлү.

Азыр жүргүнчүлөр маршруттук таксилерге күндүз 10 сом, кечкисин 12 сом төлөшөт.

Айыптар жөнүндөгү мыйзам

Жол коопсуздук эрежелеринин бузулушу үчүн айыптарды жогорулатуу жөнүндөгү мыйзамдын демилгечиси, парламентарий Дастан Бекешев нааразычылыктын башкы себеби катары жаңы санкцияларды эмес, а дизель отунуна болгон баалардын жогорулашын эсептейт.

«Айыптар 8-августтан тарта күчүнө кирет, а дизель болсо бир айдан бери кымбаттап жатат. Маршруттук таксилердин айдоочулары менен сүйлөшүп көргүлөчү, алардын негизги нааразычылыгы — дизелге болгон баалардын жогорулап жатканы менен тарифтердин ошол  эле бойдон калып жатышы», — деп жазган ал «Дизель» форумуна.

Анын айтымында, жаңы киргизилген айыптардын маршруттук такси айдоочуларына таасирин тийгизе тургандыгы эрежелерди жокко чыгарууга себеп болбойт.

«Баары бир тынчыбайсыңар да. Силердин логика боюнча, маршруттук таксилердин айдоочуларына жол коопсуздук эрежелерин бузууга, кичи автобусту адамдар батпай калганча толтурууга уруксат беришибиз керекпи? А эгер адам толгон маршруттук такси жол кырсыгына кабылса эмне болот? Бул тууралуу ойлодуңарбы? Аны ойлобосоңор керек. Бирок киши толтура маршруттук такси кырсыкка кабылганда анын ичинде болуп калганыңарда таптакыр башкача ойлоп каласыңар», — деп жазган депутат.

Жол эрежесин бузуу үчүн каралган жаңы эрежелерге президент тарабынан июлдун башында кол коюлган. Ал эрежелерге ылайык, айыптар дээрлик алты эсеге жогорулайт.