Ыйык Рамазан айы аяктап барат, мындан улам ар бир мусулман үй-бүлөсү болушунча көп адамды ооз ачырууга үлгүрүп калууга аракет кылууда. Kloop.kgнин кабарчылары бир нече үй-бүлөдө болушуп, Кыргызстандагы түрдүү этностордун ооз ачырууларынын айырмачылыктарына күбө болуп кайтышты.

Дунган ооз ачыруусу

IMG_03031-1024x682Хинюз Машанлонун үй-бүлөсү үйүнө орозо кармап аткан мусулмандарды көп чакырат. Дунгандардын дасторконунда ооз ачыруунун алдында көптөгөн улуттук даамдар — өткүр салаттар, манты жана палоо коюлат. Тамактанууда дунгандар кадимки ашкана шаймандарынын ордуна таякчаларды пайдаланышат.IMG_0279-1024x683Дунган мантысы ачытылган камырдан жасалгандыгы менен айырмаланат. Ошондой эле дасторкондон тонмэмэ деп аталган жаңгак жана мейиз кошулуп жасалган таттуу жабылган нанды кезиктирүүгө болот.IMG_0313-1024x682Дунган салты боюнча, ооз ачуу маалында аялдар менен эркектер өз-өзүнчө тамактанышат. Бардык эле мусулмандардай дунгандар курма же суу менен ооз ачышат.IMG_0280-1024x682

Казак ооз ачыруусу

IMG_0098-1024x682Озёрное айылындагы этникалык казактардын үй-бүлөсү жыл сайын Рамазан айында толук курамда чогулушат. Динге ишенген казактардын ооз ачуу процесси кадимки мусулмандардыкынан эч нерсеси менен айырмаланбайт — ооздорун курма же суу менен ачышат.IMG_0127-1024x683Мусулман казак үй-бүлөсүнүн дасторкону майлуу жана эттүү тамактардын молдугу менен айырмаланат, алсак, койдун эти жана бешбармак көп берилет.IMG_0115-1024x682Ооз ачыруудан кийин казак дасторконунда эч кандай тамак-аш калбашы керек — калгандарын кетээрде меймандарга салып беришет. Казак салты боюнча, ар бир конок жей албай калган устуканын өзү менен кошо алып кетиши керек. Аны менен катар үй ээлери жеңил тамактарды же таттууларды да салып беришет.IMG_01321-1024x682

Кыргыз ооз ачыруусу

IMG_7795-1024x682Алымбековдордун үй-бүлөсү адатта Рамазан айында орозо кармашпайт, бирок сооп алуу үчүн орозо кармагандарды ооз ачырууга көп чакырышат.IMG_7838-1024x682Кыргыз салты боюнча, ооз ачырууга көп сандаган адамдар чакырылганда негизинен кой союшат — мындай жол менен алар курмандык чалышып, андан соң маркумдардын арбактарына багыштап куран окушат.IMG_7696-1024x681Кыргыз мусулмандарынын дасторкону майлуу тамактардын жана боорсоктун көптүгү менен айырмаланат. Дасторкондогу башкы тамак болуп негизинен бешбармак эсептелет —  салттуу түрдө ал кол менен желет.SAM_4533-1024x684Бешбармактан сырткары дасторконго көптөгөн жемиштер, жашылчалар, салаттар жана таттуулар коюлат. Кыргыз салты боюнча, ооз ачыруудан кийин дасторкондогу калган тамак-аш баштыкчаларга салынып, меймандар менен үй-бүлө мүчөлөрүнө берилет.

Татар ооз ачыруусу

IMG_74341-1024x682Этникалык татар, 80 жаштагы Сагида-апа көп жылдардан бери Рамазан айында орозо кармай элек. Бирок Kloop.kgнин кабарчылары үчүн ооз ачырууга жайылчу дасторконду даярдоо процессин көрсөтүп берүүгө макул болду.IMG_7428-1024x683Сагида апанын билдиргени боюнча, татар ооз ачыруусу кадимки мусулмандык ооз ачыруудан дээрлик айырмаланбайт. Бирок адатынча татар үй-бүлөсүнүн дасторконунда улуттук тамак-аштар — кыймактар (куймактын бир түрү) жана эчпочмактар (ичине картөшкө жана эт салынып бышырылат) басымдуулук кылат.IMG_73931-1024x682Татарлардын салтына ылайык, ооз ачыруу маалында төргө бабайляр (улгайган, жашы өткөн эркек адамдар), алардан ылдыйыраак абийляр (улгайган аялдар), андан соң яшляр — жаш адамдар менен балдар калган орундарга отурушат.IMG_74681-1024x683Сагида-апанын айтымында, эгер ооз ачырууда дасторконго көп адам чогула турган болсо, анда аларды көбүнчө жынысына карап бөлүштүрүшөт — эркектер менен аялдар башка-башка отуруп тамактанышат.

Түрк ооз ачыруусу

IMG_7494-1024x682Түрк салты боюнча, ифтарды туугандардан, жакындардан жана тааныштардан турган ири топтун арасында уюштуруу зарыл. Динге ишенген түрктөрдүн алгачкы даам татуусу кадимки мусулмандардыкынан эч нерсеси менен айырмаланбайт — ооз ачканда алар курма жеп же суу ичишет.IMG_7520-1024x682Андан соң дасторкондо сүзмө менен жасалган чорба (сорпо), Рамазан айында гана жасалчу атайын даярдалган нан жана кесме сыяктуу улуттук түрк тамактары пайда болот.IMG_75641-1024x682«Ошондой эле дасторконго долма коюлат — ал жүзүмдүн жалбырактарына оролуп бышырылган күрүчтөн жасалган фарш. Андан сырткары дасторконго ичине түрдүү нерселер салынып бышырылган пирожки өңдөнгөн борек коюлат», — деди бала чагынан бери жыл сайын орозо кармап келген Субхи Айдын.IMG_7504-1024x684Түрк салттарына ылайык, орозо маалында эркектер менен аялдар бөлөк-бөлөк отурушуп тамактанышат.

Уйгур ооз ачыруусу

IMG_8032-1024x682Уйгур Заировдордун үй-бүлөсү көптөгөн жылдар бою орозо кармап келишет. Уйгур ооз ачыруу жөрөлгөсүнүн салттарына ылайык, ооз ачкандан кийин үстөлгө суюк тамак гана берилет.IMG_8042-1024x683«Суюк тамак уйгурча суюк аш деп аталат. Аны оңой сиңирүү үчүн ичишет. Көбүнчө кесме, шорпо беришет. Ооз ачкандан кийин адамдын тиешелүү күч жыйнашы үчүн суюк тамак берилет. Ошондой эле үстөлгө сөзсүз ришал — шекерге чалынып көптүрүлгөн белок коюлат. Бул организмге күч-кубат берет», — деп түшүндүрдү Мадина уйгурлардын диний салт-санаасын.SAM_4540-1024x685Уйгур дасторконунда жемиштер, жашылчалар, жабылган самса, нан сыяктуу тамактар жана сорпо басымдуулук кылат, майлуу жана тез сиңбей турган тамактар көп коюлбайт — салтка ылайык, аларды эртең менен гана жешет.

«Эгер адамдарды чакыра турган болсо палоо же манты жасашы мүмкүн. Эң кызыктуусу зоорлук берип жаткан учур. Зоорлук — бул келген коноктор биринчи тамакты жеп, экинчисин жей албай калганда эртеси эртең менен жылытып жеөө үчүн берилчү экинчи тамак», — дейт Мадина.SAM_4537-1024x683Авторлор:  Айдай Мамбетова жана Биктиса Мэтисон