«Мегаком» мамлекеттин менчигине өттү

Ири уюлдук операторлордун бири болуп эсептелген «Мегаком» акцияларынын көзөмөлдөөчү пакети камактан чыгарылгандан кийин Кыргызстандын бийлигинин менчигине өттү. Буга чейин компанияга Максим Бакиевдин жакын санаалаштары ээлик кылат делинип келген.

Бишкектин райондор аралык соту «Мегаком» деген ат менен белгилүү «Альфа Телеком» компаниясынын акциясынын 51 пайызын камактан чыгарды — бул компаниянын акцияларынын 100 пайызынын мамлекетке өтүшүнө жол ачты.

Калган 49 пайызын Кыргызстандын бийлиги 2010-жылкы бийлик алмашуудан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөттүн декрети менен улутташтырган.

«Альфа Телекомдун» улутташтырылгандыгы тууралуу пресс-релиз тараткан Жогорку соттун билдирүүсү боюнча, акциялардын көзөмөл пакетинин өткөрүлүп берилиши өлкөнүн бюджетинин дээрлик 3 млрд. сомго толукталышын шарттаган.

Бийликтин маалыматына ылайык, алгач акциялардын көзөмөл пакети Southfield Management Inc. жана Vesatel United Limited компанияларынын менчигинде болгон — пресс-релизде бул фирмалардын Максим Бакиевдин жакын санаалашы болгон Алексей Елисеевге байланыштуу экендиги айтылган.

Акциялардын көзөмөл пакетин алуу үчүн Кыргызстандын бийлиги алгач Елисеевди мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 6 жылга эркинен ажыратты, андан соң анын Southfield жана Vesatel компанияларынын акцияларын сатуу боюнча тузүлгөн келишимдеринин бардыгын тең мыйзамсыз деп тапты.

Мындай жол менен бийлик акцияларды Елисеевге кайра кайтарып берип, аларды соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына алды.

«Ош шаардык сотунун 2013-жылдын 16-июнунда Елисеевге карата мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен 6-жылга эркинен ажыратуу боюнча айыптоо өкүмүнүн негизинде акциялар мамлекеттин пайдасына алынып, мамлекеттин менчигине жазылды», — деп жазылган пресс-релизде.

Азырынча бул боюнча комментарий алуу үчүн Southfield жана Vesatel компаниялары, ошондой эле Елисеевдин өзү жеткиликсиз болууда.

Максим Бакиевдин Өнүктүрүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктеги өнөктөшү Алексей Елисеев Кыргызстандан 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин чыгып кеткен.

Кыргыз бийлигинин маалыматы боюнча, Елисеев Латвияга учуп кетип, кийинчерээк ал жактан саясий башпаанек алган — ал өлкөнүн бийлиги аны Кыргызстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берүүдөн баш тарткан.

Төңкөрүштөн кийин жаңы бийлик Кыргызстандын Кылмыш кодексинин «опузалап тартып алуу» жана «коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы» беренелеринин негизинде аны алты жылга эркинен ажыраткан.

Авторлор:  Наргиза Акунова жана Регина Даренко