Видео: «Манас» транзиттик жүк ташуу борборунун кызматкеринин соту жылдырылды

Бишкек шаардык соту милицияга каршылык көрсөткөн деп айыпталып жаткан АКШ жаранынын ишин кароону жылдырды. Буга чейин Свердлов райондук соту ага карата катаал режимдеги абакка төрт жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу.

Бүгүн, 25-июлда, Бишкек шаардык соту «Манас» транзиттик жүк ташуу борборунун мурунку жумушчусу Брендон Корнелиус Мекрейдин ишин карашы керек болчу, бирок судьянын келбей калгандыгына байланыштуу ишти кароо кийинкиге жылдырылды.

Биринчи баскычтагы Свердлов райондук соту ага карата «бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүүгө байланышкан бейбашчылыгы» үчүн төрт жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

АКШнын жараны буга чейин Кылмыш кодексинин «Бейбаштык», «Бийлик өкүлүнө каршы зомбулук көрсөтүү» жана «Башка бирөөнүн мүлкүнө атайылап зыян келтирүү менен орчундуу зыян алып келүү» беренелери боюнча да айыпталып жаткан.

Бирок алар боюнча иш жүргүзүү айыпталуучу келтирилген зыянды төлөп бергенден кийин токтотулган.

Азырынча Мекрейдин жактоочусу менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок.

«Акча үчүн жыныстык катнашка барууну сунуштаган»

Милициянын версиясы боюнча, чет өлкөлүк жаран 9-март күнү эртең менен мас абалында кафеден чыгып, жолдон 22 жаштагы Жамиля аттуу Бишкек шаарынын жашоочусун жолуктуруп, акча үчүн жыныстык катнашка барууну сунуштап артынан калбай ээрчип алган.

Кыз ал кишиден кутулуу үчүн көчөдөн такси кармап качып кетүүгө аракет кылган, бирок жүк ташуу борборунун кызматкери да аны менен кошо таксиге отуруп алган.

Жамиля айдоочуга кыргыз тилинде кайрылып, аны жакынкы милиция бөлүмүнө жеткирүүсүн өтүнгөн.

Такси айдоочусу аларды №10 шаардык милиция бөлүмүнө алып келип, милиция кызматкерлерин чакырган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын версиясына ылайык, чет өлкөлүк жаран милиция кызматкерлеринин талаптарын аткаруудан баш тартып, каршылык көрсөткөн.

«Милиция кызматкерлери эреже боюнча анын шаардык милиция бөлүмүнө кирүүсүн өтүнүшкөн. Ошол маалда алардын ортосунда уруш чыгып кетип, ал [АКШнын жараны] эки кызматкерди бир нече жолу башка уруп, погондорун жулуп, үстөлдү сындырып салган», — деп жазылган Бишкек ШИБсинин пресс-релизинде.

Жеке фирманын келишимдик негизде иштеп жүргөн жумушчусу

«Манас» Транзиттик жүк ташуу борборунун коомчулук менен байланыш бөлүмү Kloop.kgге 10-мартта жөнөткөн катында кармалган адам Readiness Management Services компаниясынын келишимдик негизде иштеп жүргөн жумушчусу экенин жана Жүк ташуу борбору ал үчүн жооптуу эмес экенин билдирген.

«Кармалган адам келишимдик негизде иштеп жаткан жарандык адам болгондуктан ал аскер кызматкерлери үчүн каралган кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга туура келбейт», — деп билдиришти жүк ташуу борборунан.

Бул деген кармалган адамга «Манас» Транзиттик жүк ташуу борборунун аскер кызматкерлери үчүн каралган дипломатиялык кол тийбестик тиешелүү эмес жана шектүү адамдын үстүнөн сот адилеттиги Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт дегенди түшүндүрөт.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн азырынча Readiness Management Services компаниясы жеткиликсиз болууда.

Шектүүнүн өзү менен да байланышууга мүмкүн эмес. Ал тууралуу Калифорния штатынын Монтерей шаарында туулгандыгы жана анын келишим мөөнөтү «Манас» Транзиттик жүк ташуу борбору Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн токтотушу керек болгон 2014-жылдын жайында аяктай тургандыгы гана белгилүү.