Видео: Кыргыз триосу «Жаңы толкун» музыкалык сынагында

Кыргызстандын Style Mix тобу жаш аткаруучулардын эл аралык «Жаңы толкун» сынагында ырдады. Иш-чара 22-июлдан 27-июлга чейин Юрмалада өтөт.

Топтун сахнага алгачкы күндөгү чыгуусу:

Экинчи жолу чыгуусу:

«Жаңы толкун» фестивалы — бул популярдуу музыка аткарган жаштардын эл аралык сынагы. Ал 12 жылдан бери Балтика деңизинин жээгиндеги Латвиянын Юрмала шаарында өтүп келет.

Жыл сайын 16 өлкөдөн барган катышуучулар үч күндүк сынактын ичинде 50 миң еврону түзгөн баш байге үчүн ыр аткаруу чеберчиликтери боюнча ат салышышат.