Видео: Бишкек барындагы стендап

Стендап жанрыюмористтик номурду жалгыз аткаруу кыргыз борборунда популярдуулукка ээ боло баштады. Kloop.kgнин кабарчысы комедиялык кечелердин биринде болуп кайтып, ата-мекендик куудулдардын кантип тамашалай тургандыктары жөнүндө видео тарткан.

Кечеге стендап жанрындагы 11 куудул катышты, бүгүнкү күнгө карата бул иш-чара өткөн жайдын рекорду болуп эсептелет.

Биринчи орун үчүн байге фонду 18000 сомду түздү. Мында акчага куудул Мукаев Мыктыбек ээ болду — ал бул долбоордун алты жолку жеңүүчүсү болуп эсептелет.