Бакиев 2010-жылдагы революциядагы адамдардын өлүмүнө күнөөлүү деп табылды

Кыргызстандын бийликтен куулган президенти Курманбек Бакиев 2010-жылдагы революция маалында элге ок атууга күнөөлүү деп табылды. Калган чиновниктерге карата ар түрдүү — 6 жылдан тарта өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмдөрү чыгарылды.

2010-жылдагы революция боюнча дээрлик үч жылдан ашык мөөнөткө созулган соттук процесс аяктады. Мурунку бийликтегилерге карата чыгарылган сот өкүмдөрү үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда жарыяланды.

  • Кыргызстандын бийликтен куулган президенти Курманбек Бакиев;
  • Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку башчысы жана экс-президенттин бир тууганы Жаныш Бакиев;
  • мурунку премьер-министр Данияр Үсөнов мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен катаал режимдеги абакка өмүр бою эрктеринен ажыратылышты.

Ири мөөнөткө соттолгондор:

  • Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Данияр Дунганов — 25 жылга;
  • экс-президенттин уулу жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурунку орун басары Марат Бакиев — 22 жылга;
  • Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Нурлан Темирбаев — 22 жылга;
  • УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталинов — 20 жылга эрктеринен ажыратылышты.

10 жылга эркинен ажыратылгандар:

  • президенттин катчылыгынын мурунку жетекчиси Оксана Малеваная;
  • президенттин администрациясынын мурунку башчысы Каныбек Жороев;
  • мурунку башкы прокурор Нурлан Турсункулов;
  • коргоо, коопсуздук жана укук тартиби боюнча мурунку мамлекеттик кеңешчи Элмурза Сатыбалдиев.

Атайын даярдыктагы «Альфа» бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиев 6 жылга эркинен ажыратылды.

«Альфа» менен «Арстандын» ыкчам кызматкерлеринин бардыгы тең күнөөлөрүнүн далилденбегендигине байланыштуу акталышты — мындай чечим алардын жактоочуларынын талаптары менен мамлекеттик айыптоонун өтүнүчтөрүнө туура келет.

Мурунку коргоо министри Бакыт Калыевге карата козголгон кылмыш иши эскирүү мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу токтотулду.

«Объективдүү өкүм»

Жабырлануучу тараптын жактоочусу Осунбек Жамансариев чыгарылган өкүмдү «объективдүү» деп эсептейт — бул тууралуу ал Kloop.kgг берген маегинде билдирди.

«Менимче, өкүм объективдүү. [...] Өкүмдүн ушундай чыгарылаарын күткөнбүз. Буга чейин биз жабырлануучулар менен мунун бардыгын талкуулаганбыз. Алар өкүмдү жакшы эле кабыл алышты», — деди ал.

Анткен менен жактоочунун айтымында, жабырлануучулар «Альфанын» эки кызматкерине —— Расул Байтоков менен Олег Ребенокго карата апелляциялык арыз жазуу ниетинде.

«Өкүм чыгарууда сот ар бир катышуучунун ролуна баа бериши керек болчу. Ал адамдар (Байтоков менен Ребенок) буйруктарды кайталап, кол алдындагыларды координация кылышкан», — деди Жамансариев.

Чыгарылган өкүм учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин да көңүлүн бурбай койгон жок — ал соттун өкүмүн «өтө маанилүү» деп эсептей тургандыгын билдирди.

«Бакиевдин режими кыргызстандыктарды массалуу түрдө өлтүргөнү бардыгыбыз үчүн чоң трагедияга айланып, жүрөгүбүздү терең жаралантты. Процесстин тегерегинде  түрдүү талкуу болоору азыртадан эле ачыкталып калды, бирок сот көп иш жасап, өз чечимин чыгарды, аны терең изилдеп карап чыкмайынча комментарий берүүгө болбойт», — деп жазган президенттин айткандарын анын басма сөз кызматы.

Азырынча сот жоопкерчилигине тартылгандар менен сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок.

Кыргызстандагы бийлик алмашуу 2010-жылдын 7-апрелинде болгон, көтөрүлүштүн жүрүшүндө 80ден ашуун киши каза болуп, дагы 1500дөн ашыгы түрдүү жаракаттарды алышкан.

Революциядан кийин Бакиев менен анын жакындары өлкөдөн качып кетишкен. Учурда бийликтен куулган президент Беларуссиядан саясий баш калка алып, ошол жакта жашап жатат. Азырынча анын бир тууганы Жаныш менен уулу Мараттын кайсыл жакта экендиктери белгисиз.

Автору: Анна Тищенко