«Азаттык»: Ысык-Көлдө Нигерия жараны кол салууга кабылды

Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында белгисиз адамдар тарабынан далысына ок жеген 33 жаштагы нигериялык жаран оор абалда ооруканага түштү.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан. Автору — Уланбек Эгизбаев.

Бир эле учурда Американын да, Нигериянын да жараны болуп эсептелген 33 жаштагы Али Тижжани Бишкектеги “Cambridge school” чет тилдер мектебин жетектейт. Ал окуучулары менен Ысык-Көлгө эс алганы барып, күндүзгү 12лерде белгисиз адамдардан далысына ок жеген. Окуя Чоң-Сары-Ой айылында болгон. Нигериялык алгач Чолпон-Атадагы ооруканага жаткырылат, врачтар денедеги окту таба албай койгон соң Бишкекке жөнөтүлөт.

Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Нигериялык жаранга кол салуу фактысына байланыштуу бейбваштык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда атайын ыкчам иликтөө тобу түзүлүп иштеп жатат. Бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалган, бирок жыйынтыгы чыга элек. Ок кандай тапанчадан атылганы белгисиз бойдон калууда.

Учурда Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда операция алдында жаткан Али Тижжаниге барып, болуп өткөн окуяны өз оозунан уктук. Ал чак түштөгү кол салууну өзүнүн ишмердиги менен байланыштырып, мындай ишке барчу атаандаштары аз эмес экенин жашырбайт. Ал сизге ким кол салышы мүмкүн деген суроого мындайча жооп узатты:

- Бул абдан маанилүү маселе. Анткени мени ким атканын көргөн жокмун. Бирок мындай жолго барчу менин душмандарым жетиштүү. Анткени былтыр да эки кызматкериме кол салуу болуп, бири көзүнөн айрылып, экинчиси ээгинен оор жараат алган. Бул боюнча милицияга кайрылганбыз, бирок эч кандай жардам болгон эмес.

Али орозо кармап жатканын айтып, рамазан айында ушундай окуяга туш болгонуна капа. Алган жараатынан таң аткыча уктай албай чыкканын айтып, араң жан гана суроолого жооп узатып жатты.

- Эми кандай болорун билбейм. Эгер ушундай окуялар кайталана берсе мекениме кайтышым мүмкүн. Кыргызстанда чет элдиктер үчүн жашоо өтө кооптуу, өзгөчө Бишкекте. Буга чейин деле милициядан жардам сураганбыз, бирок эч кандай жыйынтык чыкпай келет.

Нигериялыктын далысынан кирип, кекиртегине туруп калган ок алына элек. Азырынча эмне болгон ок, кандай тапанчадан атылганы да белгисиз.

Жабырлануучу дарыланып жаткан борбордун башчысы Сабырбек Жумабеков анын абалы тууралуу буларды айтты:

- Бейтаптын абалы ортодон оор десек болот. Анткени ок артынан кирип кабыргасын, далысын, омурткасын жарадар кылган. Нервдерине да залал кеткендиктен бир колу иштебей жатат. Бүгүн операция жасап омуртканын алдындагы окту алабыз.

Али Тижжани Кыргызстанга 2003-жылы келип, Эл аралык Ата Түрк-Алатоо университетин бүткөндөн кийин чет тилдер мектебин ачып, ошол бойдон Бишкекти байырлап калган.