Видео: Кыргызстандык бийчи Американын таланттар шоусуна катышууда

19 жаштагы бишкектик бийчи Солто Эсенгулов белгилүү «America’s got Talent» шоусуна катышууда — анда ал «роботтун бийин» көрсөттү.

Кыргыз бийчиси дүйнөдөгү таланттардын эң популярдуу шоулорунун биринин телеверсиясында эки жолу катышты — анын катышуучуларына дүйнөго белгилүү «Spice Girls» тобунун мүчөсү Мелани Браун, супермодель Хайди Клум, америкалык теле алып баруучу Говард Стерн жана актер Хоуи Мэнделдер калыстык кылышты.

Бийчинин досу Кайрат Бекмамбетов Kloop.kgге берген маегинде Солто 14 жашынан бери бийлеп келе жатканын айтты — Бишкекте ал «Тумар» тобу жана Атай Өмүрзаков менен бирге бийлечү. 2013-жылы Солто үй-бүлөсү менен бирге Бруклинге (АКШ) көчүп кеткен, азыр ошол жакта бий менен алектенүүдө.

Солто таланттар шоусунда бийлеп жаткандагы сүрөт:solto2«Мен Солто менен көп эле жолу көрүшүп жүрчүмүн, ошондуктан анын чыгармачылыгы менен жакындан таанышмын. А ал өтө жакшы бийлейт, ийилчээктиги күчтүү жана кыймыл-аракеттеринин тактыгы укмуш, өзгөчө анысы түрдүү робот бийлерин бийлегенде көрүнөт», — деди Бекмамбетов.

«America’s got Talent» — америка телеберүүсүндөгү таланттардын популярдуу шоусу, анын баш байгеси — 1 миллион долларды түзөт.