Солто Эсенгулов: Продюсерлер Орусияга жакын жерде туулганымды билгенден кийин видеону кесип салышыптыр

АКШдагы популярдуу «America’s got Talent» долбоорунун катышуучусу, бишкектик Солто Эсенгулов kloop.kgге берген маегинде бийге болгон кызыгуусу, америкалык телеканалга кантип барып калгандыгы жана популярдуу шоунун сахнасынын артында эмнелер боло тургандыгы жөнүндө айтып берди.

Kloop.kg: Айтсаңыз, бийге кантип кызыгып калдыңыз эле?

Солто Эсенгулов: Мен жөн гана видеолорду көрүп үйрөнгөм.

Kloop.kg: Канча жашыңыздан баштап бийлеп баштадыңыз эле?

Солто: 13 жашыман тарта. Мен өзүм үйрөнгөм, бирок мага башка бийчилер — Let’s Dance Studioнун Алияр Мурзалиев, Данияр Табылды уулу деген мүчөлөрү жана Атай Өмүрзаковдор жардам беришкен. Мен ал студияда болжол менен үч жыл мурун бийлегем, анан мен Атай Өмүрзаков менен алдыга жылып, бир ай мурун бул жакка [АКШга] көчүп келдим.

Kloop.kg: Америкага көчүп баргандан кийин бий менен алектенүүңүздү таштаган жоксузбу, азыр каякта машыгасыз?

Солто: Азырынча мен үйдө эле машыгам, ата-энем менен бирге жашагандыктан студияга барбайм. Бирок Лос-Анджелесте жашап жүргөнүмдө студияга, машыгуучу залга барып турчумун.

«Шаг вперед — 5» тасмасы үчүн тандоодогу Солто менен Жан Воиновдун катышуусундагы видео тасманын продюсери Джон М. Чу «Бул видеону көрүүмдү токтото албайм» деп жазып болүшкөндөн кийин популярдуу болуп кеткен.

Kloop.kg: Сынакка кантип катышып калдыңыз?

Солто: Мен грин-карта боюнча келгем, анан катышып көрүүнү чечтим, анткени бир жыл мурун бул долбоордун тандоосунан видео аркылуу өтүп кеткем. Бирок анда грин-карта жок жана АКШнын жараны болбогонум үчүн катыша алган эмесмин.

Мен аларга видеомду жөнөткөм, ал уюштуруучуларга жагыптыр, бирок менде тиешелүү документтер толук болбогондуктан ага катышкан эмесмин.

Kloop.kg: Сиз Америкага көчүп баргандан кийин видеоңузду кайрадан жиберип, анан алар сизди чакырыштыбы?

Солто: Ооба, алар мени Лос-Анжелес шаарындагы аудишнге чакырышты, анан мен өтүп кеттим. 10 миллион катышуучунун ичинен телеверсиясынын кийинки баскычына өттүм. Анын телеверсиясы да Лос-Анжелесте өттү, анда мүмкүн болгон беш «ообанын» төртөөсүн алдым, көрүүчүлөр туруп алып кол чабышты. Мен кийинки баскычына өткөм.

Бирок сынактагы видеону уюштуруучулар менен продюсерлер кесип, толугу менен көрсөтүшпөптүр. Менимче, алар менин андан ары кетишимди каалашпай эле. Качан алар менден Кыргызстандан экенимди уккандан кийин эмне болгон өлкө экенин билишпей, анан картадан тапкандан соң Кыргызстан Орусиянын жанында жайгашкан турбайбы дешти, анан эле баары дароо өзгөрүлдү.

Kloop.kg: Сизге болгон мамилелери өзгөрүлдүбү?

Солто: Ооба, мага болгон мамилелери өзгөрдү. Алгач алар мени видеого тартышкан, мен баскычтардан өтүп жаткам. Бирок алар ал баскычтардагы маалыматтарды жарыялашпай, андагы видеолорду теле аркылуу, интернеттен көрсөтпөй жатышат. Алар менин видеомду 20 секундга чейин кыскартып «кесишиптир», чындыгында мен 90 секунддан ашык бийлегем.

«Мен бийлегенди жөн гана видеодон көрүп үйрөнгөм»

Kloop.kg: Сынактын сахна артындагылары тууралуу айтып берсеңиз, биз көрүүчүлөр катары анын баарын көрбөйбүз да. Сынакта кандай жылдыздар менен сүйлөшө алдыңыз?

Солто: Алардын калыстар тобунда дайыма жылдыздар отурушат, мисалы, Америкадагы эң белгилүү рэпер Ник Кэннон, теле алып баруучу Ховард Стерн, анын жеке радиосу бар, «Spice Girls» тобунун мурунку мүчөсү Мэл Би, белгилүү модель Хайди Клум жана британиялык актер Хоуи Мендел.

Kloop.kg: Сынактын жүрүшүндө сиз шоунун башка катышуучулары менен сүйлөштүңүзбү?

Солто: Сынактын катышуучулары менен мен Манхеттенде бир жума жашадым, анткени анда judgment week (сынактын тандап алуу бөлүгү, анда катышуучулар калыстардын алдында бийлешет) жана машыгуу баскычы өткөн. Ошондо биз мейманканада жашап, бири-бирибиз менен өтө көп сүйлөшкөнбүз.

Kloop.kg: Ал аптанын ичинде силер эмне менен алек болдуңар?

Солто: Бизди видеого тартышып, интервью алышып өз жумуштарын кылып жүрүштү. Ал жөн гана машыгуу болду, көрүүчүлөр жок эле калыстардын алдында бийлегенбиз, менин бийлегенимди ошол жакта тартылып алынган видеонун 20 секундун кесип көрсөтүштү.

Kloop.kg: Мындан ары ал шоуго катышасызбы?

Солто: Негизинен баары эки ай мурун эле тартылып бүткөн, мен эки аудишинден өткөм, акыркысында алар [продюсерлер] менин бийлегенимди «кесип салышып», анча эмес жерлерин көрсөтүштү, а күчтүү, оор ыкмаларымдын баарын «кесип салышыптыр». Азыр менин андан ары катышаар-катышпасын так белгисиз.

Өзүмдүн менеджерим менен байланышсам ал азыр alternative file (кошумча тизмеде) экенимди, азырынча сынактан чыга электигимди айтты.

Алдыдагы беш аптанын ичинде продюсерлер сынактын кийинки баскычтарында катышамбы-жокпу чечиши керек. Алар катышуучуларды «аралаштырып» жатышат, анткени «бөтөндөрдүн» алдыга чыгуусун каалашпайт. Биринчи угууда баары жакшы болчу, бирок кезек эфирге келгенде алар мени «кесип» салышыптыр.

Продюсерлер тарабынан бул туура эмес болду, мен өзүмдүн менриме кайрылдым, бирок ал NBC каналы мени таптакыр көрсөтпөй коюуга да укуктуу экенин, анткени бул алардын шоусу жана аларда система ушундай экендигин айтты.

Kloop.kg: Рахмат, сизге ийгилик каалайбыз.