Криминал төбөлү Батукаев Владикавказдан өткөрүлүп берилишин күтүүдө

Учурда Кыргызстанга өткөрүлүп берилишин күтүп жаткан криминал төбөлү Азиз Батукаев Түндүк Осетиянын борборундагы тергөө абагында камакта. Ал 30-июнда Владикавказда кармалган.

Батукаев учурда Орусияда жана өткөрүлүп берилишин күтүүдө, деди Kloop.kgге берген маегинде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев.

«Ал Орусиянын жараны болбогондуктан, жергиликтүү бийлик аны өткөрүп берүүгө ниеттенүүдө», — деди Осмонбаев.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, Батукаевдин өткөрүлүп берилишинин мөөнөтү Орусияга көз каранды — бул тууралуу КирТАГ агенттиги жазган.

Кыргыз бийлиги тарабынан изделип жаткан Азиз Батукаев июндун аягында Орусия полициясы тарабынан Түндүк Осетияда кармалган. Криминал төбөлү Нарындагы абактан мыйзамсыз бошотулгандан кийин издөөгө жарыяланган.

Анын Нарындагы абактан бошотулушу — акыркы жылдардагы эң чуулгандуу окуя болуп, жогорку кызматтагы бир катар чиновниктердин кызматтан алынышына себеп болгон.

Аны бошотуу чечимин Нарын райондук соту атайын түзүлгөн медициналык комиссия менен катаал режимдеги №24 абактын дарыгерлеринин “канындагы оор лейкоз дарты” деген корутундусуна таянып чыгарган.

Кыргызстандын бийлиги мындай чечимге таң калып, парламент депутаттары Батукаевдин бошотулушунун себептерин иликтеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүшкөн.

Эл өкүлдөрү иликтөө иштеринин соңунда Батукаевдин бошотулушу мыйзамсыз болгондугун билдиришкен.

Жыйынтыгында коопсуздук боюнча вице-премьер Шамиль Атаханов менен акыйкатчы Турсунбек Акун кызматтарынан алынышкан. Кийинчерээк Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев өз каалоосу менен кызматынан кеткен.

Батукаев Нарын шаарындагы катаал режимдеги №24 абакта (№4 тергөө абагы) 2008-жылдан бери камакта болчу.

Ал массалык башаламандыктарды уюштуруу, мыйзамсыз курал сактоо сыяктуу бир нече беренелер боюнча Аламүдүн райондук соту тарабынан 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

Ал ошондой эле 2005-жылы Молдовановка айылындагы абакка барган депутат Тынычбек Акматбаев менен дагы бир нече чиновникти өлтүргөн деп күнөөлөнгөн.