Электр энергиясына болгон баалар парламенттин макулдугусуз белгиленет

Эми электр энергиясына болгон бааларды белгилөөдө өкмөткө парламенттин макулдугунун кереги жок — «Энергетика жөнүндөгү» мыйзамга киргизилген мындай өзгөртүүлөр 21-июль күнү президент кол койгондон кийин кабыл алынды.

Августтун ортосунан тарта күчүнө кире турган «Энергетика жөнүндөгү» жаңы мыйзамга ылайык, өкмөт электр энергиясына болгон бааларды эми өз алдынча белгилейт.

Буга чейин бааларды белгилөө үчүн аткаруу бийлигине парламенттин макулдугу керек болуп келген.

Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, тарифтерди аныктап, белгилөө менен өкмөттүн алдындагы атайын эсептөө борбору алектенет.

Мындай борбордун түзүлүшү электр энергиясына болгон бааларды аныктоо процессиндеги «саясий факторлордун таасирин жоюу» жана аны бийлик органдарынан көз карандысыз кылуу менен түшүндүрүлүүдө.

«Иш-аракеттердин планына ылайык, өкмөткө отун-энергетикалык комплексиндеги ачыктыктын жогорулашы үчүн башкы элемент болуп эсептеле турган эсептөө борборун түзүү тапшырылган», — деп жазылган мыйзам долбооруна тиркелген негиздеме маалымкатта.

Бул өзгөртүүлөргө Монополияны жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку башчысы Бабырбек Жээнбеков каршы болуп келген — экс-чиновник өкмөт бааларды аныктоо үчүн атайын эсептөө борборун түзбөшү керек деп эсептеген.

«Энергетика министрлигинин монополияга каршы агенттиктеги беш кишинин ордуна баалар менен иштей турган 30-40 кишиден турган жаңы агенттикти түзүү боюнча аракети кайсы логикага туура келет?» — деп билдирген ал «Жаңы Агым» гезитине берген маегинде.

Жээнбеков электр энергиясына болгон тарифтердин жогорулашы ыктымалдыгына да каршы чыккан — ал анын кызматтан кетишине бул маселе боюнча бийликтегилер менен болгон каршылашуусу себеп болгон деп эсептейт.

Өзгөртүүлөр парламентте 19-июнь күнү Энергетика министрлиги тарабынан катталган, андан соң 10 күндүн ичинде эле депутаттар тарабынан үч окуудан тең кабыл алынган — мыйзам долбоорун кароо үчүн бул салыштырмалуу тез мөөнөт болуп эсептелет.

Энергетика тармагын 2013-2014-жылдарга карата реформалоо боюнча иш-аракеттердин планына ылайык, көз карандысыз эсептөө борбору 2013-жылдын аягына чейин эле түзүлүшү керек болчу.