Атамбаев Бакиев маалында «жабыр тарткан» тарапташтарына 1 млн сом бөлүп берди

Президент Алмазбек Атамбаев мурунку өлкө башчысы Курманбек Бакиев маалында бийлик тарабынан куугунтуктоолорго кабылган өз тарапташтарына 950 миң сом бөлүп берди.

Бакиев маалындагы мурунку бийлик тарабынан 2009-жылдын ортосунда өткөн президенттик шайлоо күнү Балыкчыдагы башаламандыктарга катышкан деп айыпталган Атамбаевдин мурунку 19 тарапташынын ар бири 50 миң сомдон алышат.

Акча президенттин 2014-жылдын 15-июлдагы буйругу боюнча бөлүнгөн, деп жазган АКИпресс маалымат агенттиги. Мындай кабар ЖМКларда басылып чыккандан кийин ал буйрук Юстиция министрлигинин нормативдик-укуктук актыларынын маалымат базасында жеткиликсиз болуп калды.

Буйрукка ылайык, каражат президенттин социалдык коргоо фондусунан бөлүнгөн.

«2009-жылы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында болгон окуянын катышуучуларына, ошондой эле каза болгон катышуучунун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн келтирилген тизмеге ылайык, ар бирине 50 000 (элүү миң) сомдон бөлүнсүн», – деп жазылган буйрукта.

Фонддун бюджети мамлекеттин бюджетинин эсебинен куралбайт, бирок мыйзамга ылайык, андагы акчалар пенсионерлерди, мугалимдерди, дарыгерлерди, маданият кызматкерлерин жана таланттуу жаштарды колдоого багытталат.

Оппозициялык саясатчы жана мурунку дипломат Адил Турдукулов жеке бюджеттен акча бөлүп берүү практикасын «анча ийгиликтүү эмес» практика деп эсептейт — анын айтымында, бул президенттин айланасында «анча жакшы эмес» атмосферанын жаралышына алып келет.

«Ал адамдарды жабыр тарткандардын кайсыл бир тобуна киргизип, бул мамилелерди жөнгө сала турган өкмөттүн токтому болушу керек. А алардын жабырлануучулардын кайсыл тобунда экенин мен билбейм. Черноблдагылар, Баткендегилер бар. Азырынча Бакиевдин режими менен күрөшүүчүлөр деген статус жок. Болуптур, бул нормативди орнотушсун, ал адамдардын ар бири күбөлүк алсын да. Анан жеке жактыруусунун негизинде кылбай», — деп эсептейт Турдукулов.

Балыкчыдагы массалык башаламандык 2009-жылдын 23-июлундагы президенттик шайлоо күнү өткөн. Ага өлкө башчылыгына Кыргызстаныдын социал-демократиялык партиясынан (КСДП) талапкер катары чыккан Алмазбек Атамбаевдин 500гө чукул тарапташы катышкан.

Акциянын жүрүшүндө жалпысынан 20дан ашык киши кармалып, массалык башаламандыктарга катышкандыктары үчүн бакиевдик бийлик тарабынан 2 жылдан 4 жылга чейинки мөөнөттөргө эрктеринен ажыратылышкан. Бирок Бакиевди бийликтен кетирген 2010-жылдагы революциядан кийин алар акталып чыгышкан.