Видео: Боом капчыгайындагы адам өмүрүн алып кеткен жол кырсыгы

Адам өмүрүн алып кеткен унаа кырсыгы Ысык-Көлгө бара жаткан жолдо болгон. Азырынча чоо-жайы белгисиз болуп жаткан кырсыктан бир киши каза болгон.

Кырсыктын кесепеттерине күбө болгон активист Айбек Баратов «Фэйсбук» коомдук желесиндеги жеке баракчасына унаада жалпысынан беш киши болгондугун жазган.

«Жүргүнчү каза болду. Видеодо жашыл майкачан жерде жаткан айдоочуну эсине келтирүүгө аракет кылып жаткандыктары көрүнүп турат. Унаада бир нече киши бар болгон, мен азыркыга чейин анда канча адам болгондугун так түшүнө алганым жок. Бирок кичинекей бала алдыңкы орундукта отурган, ал таң калычтуу жол менен аман калыптыр», - деп жазган ал.